• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Бишкек шаарынын Эркин экономикалык аймагына барды

Президент 0

Бишкек, 20.07.18. /Кабар/. «Эркин экономикалык аймактын (ЭЭА) ар бир субъектисинин ишмердигинин натыйжалуулугунан экспорттук потенциал, ата-мекендик продукциянын атаандаштык жөндөмдүүлүгү, калктын жумуш менен камсыз болуу деңгээли, аймактын жана жалпы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жогорулайт. ЭЭАнын ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн саясий туруктуулук, инвестицияларды коргоо кепилдиги, инфраструктуранын сапаты, жумушчу күчтүн квалификациясы жана ачык-айкын административдик жол-жоболор керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-июлда Бишкек шаарынын Эркин экономикалык аймагын карап чыгып. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысын коштоп жүрүшкөн «Бишкек» ЭЭАнын башкы директору Дүйшөн Ирсалиев, КР экономика министри Олег Панкратов, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков, КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев субъекттер жана өндүрүлгөн продукция боюнча керектүү маалыматтарды беришти.

Мамлекет башчысы «Тан Дем» монолиттик биметалл радиаторлорун чыгаруучу заводдун курулушу менен таанышты. Курулуш аянтында ишкананын башкы директору Тан Цзиенхуа жумуштардын жүрүшү жана жалпы технологиялык процесс жөнүндө маалымат берди.

Анын билдирүүсүнө ылайык, компания монолиттик биметалл радиаторлорун чыгаруу боюнча өндүрүш линиясын курууну пландоодо. Заводду ишке киргизүү 2018-жылдын сентябрь айына пландалууда. 300дөн 500гө чейин жаңы жумушчу орундарын түзүү караштырылып жатат. 2017-жылдын ичинде салымдардын жалпы көлөмү 100 млн сомдон ашуун болду, 2018-жылдын 6 айынын ичинде — 105 млн сомго жакын болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле кездеме чыгаруучу «Фая текстиль» заводун көрүп чыкты. Ишкананын жетекчиси Тан Чисеньмей заводдун потенциалы жана өндүрүш күчтөрү тууралуу айтып берди.

«Фая текстиль» заводунда тигүүчү жиптерди, пахта кездемелерин чыгарышып, жип ийришет. Жумуш менен 100 адам камсыз болгон, жылдын аягына чейин алардын санын 200гө чейин көбөйтүү пландалууда. 2017-2018-жылдары компаниянын өнүктүрүүгө кошулган жалпы салымдын көлөмү 242,5 млн сомду түздү.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы «Бишкек» ЭЭАтын субъектилери өндүргөн продукциялардын көргөзмөсүн көрүп чыкты.

Анда азык-түлүк продуктылары, электр жана өндүрүш жабдуулары, тигүү өндүрүшү, курулуш, чарба буюмдары, эмерек ж. б. коюлган. «Эгерде биз мамлекетти өнүктүрүп, жумуш орундарын түзүп, калктын кирешесинин деңгээлин көтөрүп, түшкөн салыкты көбөйткүбүз келсе, анда бизнес жана өндүрүш үчүн шарттарды түзүшүбүз керек. Бул баарыбыздын, анын ичинде менин да милдетим. Биз инвестицияларды коргоп, инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек. Бизнести жана өндүрүштү өнүктүрүүдөгү эң башкы көйгөй — бул салык жана фискалдык органдардын ашыкча текшерүүлөрү. Салыкчылар текшерүүлөрдү азайтышы зарыл. Бизнестин иштөөсүнө жана өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк бергиле. Өз ишин ачкан жана бир нерсе өндүрүп баштаган ишкерлерди текшерүүдөн бошоткула», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков салык жана бажы кызматтарынын жетекчилерине, экономика министрине кайрылып.

Мамлекет башчысы ошондой эле инфраструктуранын начар өнүккөнүнө жана «Бишкек» ЭЭАтын энергия кубаттуулугунун жетишсиздигине көңүл бурду жана тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бул багытта иш жүргүзүүнү сунуш кылды.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун төрагасы Эркин Асрандиевге ЭЭАтын инфраструктурасын азыркы талаптарга жооп бергендей жакшыртуу үчүн ЭЭА дирекциясы менен тыгыз байланышта иштөө тапшырылды.

Акырында Президент Сооронбай Жээнбеков кыска мөөнөттө ЕврАзЭБ алкагындагы жогорку атаандаштыктын шарттарында Эркин экономикалык аймакты өнүктүрүү боюнча көз карашты даярдоонун зарылчылыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий