• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Бишкек өзүнүн жашыл келбетин сактап калышы керек

Президент 0

Бишкек, 24.03.18 /Кабар/. Кыргызстандын борбору Бишкек шаары өзүнүн жашыл келбетин сактап калышы керек, деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта Ч.Айтматов атындагы Эмен багында ишембилик учурунда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго кайрылып, шаарда бак-дарактардын кыйылып жатышынын себептерин – жолдорду кеңейтүү үчүнбү, же объекттерди куруу максатындабы - ушуну шаар тургундарына алдын-ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

“Ар кандай сөздөр чыгышына жол бербөө үчүн элге туура маалымат жеткирип тургула. Борбор калааны жашылдандыруу боюнча пландуу жумушту улантуу зарыл. Бишкек өзүнүн жашыл келбетин сактап калышы керек”, - деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Шаар мэри Албек Ибраимов бак-дарактарды кыюу аргасыз чаралар экенин айтып, бирок ар бир кыйылган бактын ордуна өткөн жылы 7ден көчөт, быйылкы жылы 15тен көчөт отургузулганын билдирди.

«Жалпысынан өткөн жылы 7 миң, бул жылы 15 миң көчөт отургузулду. Бардыгы болуп балансыбызда 248 миң бак-дарактар бар, алар каттоодон өткөрүлүп, ар биринин паспорту бар», - деп маалымдады мэр Албек Ибраимов.

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кызматкерлери менен бирге Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы Эмен багына ишембиликке чыккан.

Пикир

Оставить комментарий