• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Бишкек "жашыл шаар" деген аталышын калыбына келтириши керек

Коом 0

Бишкек. 23.04.19 /Кабар/. “Бишкек өзүнүн “жашыл шаар” деген аталышын кайра калыбына келтириши керек”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-апрелде Бишкек шаарынын түштүк тарабындага жаңы парк курула турган жерде капсула салып жатып.

Мамлекет башчысы Бишкек ар дайым өзүнүн жашыл бак-дарактары, кооз аллеялары жана тазалыгы менен белгилүү болуп, “жашыл шаар” деп аталып жүргөнүн баса белгиледи.

“Биздин өлкөнүн борбор шаарынын башкы байлыгы таза аба жана жакшы экология болушу керек. Жаңы парктарды салуу, шаарды жашылдандыруу жана экология жарандардын жашоосу учүн баарынан маанилүү. Паркта өнүккөн инфраструктура жана ар тараптуу, анын ичинде активдүү дагы эс алуу үчүн, зарыл шарттар түзүлүшү керек”, - деп айтты Жээнбеков.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов болочок парктын курулушунун долбоору менен тааныштырды.

Маалымдама:

Ч.Айтматов проспекти менен А.Масалиев-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгаша турган парктын аянты 10 гектар. Долбоордо жөө жүрүүчүлөр үчүн коммуникация, 17 миңден ашуун чарчы метр тротуарлар, жарыктандыруу, жашылдандыруу, балдар аянтчасы, спорт аянтчасы, велосипед жолдору, 160 орундуу унаа токтотуучу жай ж.б. каралган. Бүгүнкү күндө тротуарларды, асфальбетон жана таманташтарды орнотуу жумуштары аткарылууда.

Курулуш иштерин 2019-жылдын 31-августуна карата бүтүрүү болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий