• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Бишкекте ММУнин филиалынын ачылышын жеке көзөмөлгө алган

Президент 0

Бишкек, 01.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкекте М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын ачылышын жеке көзөмөлгө алды. Бул тууралуу маалымат жыйынында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Эске сала кетсек, Бишкекте 27-март күнү Кыргызстан жана Россия ректорлорунун форуму өтүп, Ломоносов атындагы ММУнун ректору Виктор Садовничий университеттин филлиалын Бишкекте ачууга алты жолу макулдугун бергендигин билдирген. “Жыйынтык болгон жок. Бул Москванын күнөөсү эмес”, - деген ошондо Садовничий.

Сыдыков билдиргендей, форумдун алкагында аталган университеттин филиалын Бишкекте ачуу боюнча макулдашуу болгон. Сооронбай Жээнбеков ал маселени өз көзөмөлүнө алган, деди.

Пикир

Оставить комментарий