• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Биз үчүн дүйнөнүн 21 өлкөсүнөн белгилүү сүрөтчүлөрдүн келиши чоң жаңылык

Президент 0

Бишкек, 29.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-июнда Бүткүл дүйнөлүк “Сүрөтчүлөр Тынчтык үчүн” эл аралык көргөзмөсүнүн лауреаттары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
«Биз үчүн дүйнөнүн 21 өлкөсүнөн белгилүү сүрөтчүлөрдүн келиши чоң маданий жаңылык болуп эсептелинет. Сиздерди талантыңардын күчү бириктирип турат. Элдердин ортосундагы достук, бир туугандык алакаларды өнүктүрүүгө кошкон салымыңарды элибиз жогору баалайт», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Ал “Эл аралык сүрөтчүлөр Тынчтык үчүн” дүйнөлүк сүрөтчүлөр уюму жана анын жетекчиси Шао Чанчунь маданияттардын байланышына жана өз ара интеграциясына чоң салым кошуп жатканын, анын аркасы менен көргөзмө Москвада, Пекинде, Астанада, Ташкентте, Римде, Брюсселде, Шанхайда жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков Шао Чанчунду Бишкекте экинчи жолу көргөзмөнү уюштуруп жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, дагы бир чоң көргөзмөнү 2019-жылы Кыргызстанда өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин саммитинин урматына уюштурууга чакырды.
Шао Чанчунь Мамлекет башчысына жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, алардын максаты бардык улуттардын биримдигин бекемдөө экенин белгиледи.
«Мен Кыргызстанга көп келем жана жакын, бир тууган мамлекет катары кабыл алам. Бизде Кытайда “Коңшуларым бактылуу болсо, мен да бактылуумун” деп айтышат. Сиздин Кытайга болгон мамлекеттик визитиңиз эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү чечимдерге жетишти. Биз өзүбүздүн ишмердигибиз менен дагы өлкөлөрүбүз ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө бардык аракеттерди көрүп жатабыз», - деп белгиледи Шао Чанчунь.
Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга Кыргызстан, Кытай, Россия, Иран жана Италиядан келген эл аралык көргөзмөнүн лауреаттары катышып, мамлекет башчысына картина белекке беришти.
Жолугушуунун соңунда эстеликке сүрөткө түшүштү.
Көргөзмөнүн салтанаттуу ачылыш аземи бүгүн Бишкекте Гапар Айтиев атындагы көркөм искусство музейинде болду жана ал өзүнө дүйнөнүн 21 өлкөсүнөн 70 сүрөтчүнүн эмгегин камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий