• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Биз үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейбиз

Президент 0

Бишкек, 24.03.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революция күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештер!

2005-жылдын 24-марты — эркин мамлекет, адилеттүү коом үчүн, үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жана коррупцияга каршы чыккан кыргыз элинин каарман күрөшүнүн санжыралуу барактарынын бири.

Март окуялары уюткулуу кыргыз элинин эгемендик үчүн күрөштө майтарылбас эркин жана эч качан тизе бүкпөсүн көрсөттү, адилетсиздикке жол бербестигин, бийликтин булагы эл экендигин далилдеди.

Тилекке каршы март революциясы максатына жетпеди. Таза жана калыс бийлик орнотуу тууралуу элибиздин асыл максаты ишке ашпай калды.

Бийлик дагы, коомчулук дагы Аксы окуяларынан, Март жана Апрель элдик революцияларынан сабак алууга милдеттүү. Биз үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейбиз!

Кымбаттуу мекендештер!

Биздин максатыбыз — байыркы ата-бабаларыбыз көздөгөн, Аксы окуяларында, Март жана Апрель элдик революцияларында максат кылган — эркин жана гүлдөп өнүккөн мамлекет куруу, калктын жашоосу үчүн татыктуу шарттарды түзүү.

Жараткан Кыргызстаныбыздын түбөлүгүн түз, келечегин кең кылсын. Ынтымагыбыз жана биримдигибиз чыңдалып, өнүгө берели!»

Пикир

Оставить комментарий