• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков: Биз келген жардамдардын максатсыз пайдаланышына жол бербейбиз

Президент 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. «Коронавируска каршы күрөшүү үчүн келген жардамдардын максатсыз пайдаланылышына жол бербейбиз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиого» берген маегинде.

Мамлекет башчысы азыр эл оозунда сырттан келген акчаны чоңдор «жеп койду» деген сөз көп айтылып жаткандыгын баса белгиледи.

«Мен бул боюнча буга чейин да айткам, азыр да айтам. Андайга жол берилбейт. Жеке өзүмдүн, премьердин көзөмөлүндө. Өкмөт келген каражатты максаттуу колдонушуна башы менен жооп берет! Эл алдында, мыйзам алдында, Кудай алдында да», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент белгилегендей, өлкөдө абал оор, бирок кыргызстандыктар пандемия шартында жашаганды жана эмгектенгенди үйрөнүшү керек.

«Экономикалык, социалдык долбоорлор токтобойт. Жаңыларын баштайбыз. Менин президенттик ишимде калкты таза суу менен камсыздоо, ирригацияны оңдоо, калкты арзан турак жай менен камсыз кылуу программалары кырдаал канчалык кыйын болсо да токтобойт», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Ал социалдык тармакта иштегендердин айлыгы үзгүлтүккө учурабай турганын, баары тең убагында төлөнүп, аярлуу катмардагы жарандарды колдоо саясаты да көзөмөлдө болуп, токтотулбай турганын белгилеп өттү.

Өлкөнү санариптештирүү мурдагыдан да ыкчам темпте жүрөрүн, анткени пандемия санарипке болгон муктаждыкты абдан күчөткөндүгүн кошумчалады.

«Бул талапты азыр да катуу коюп жатам. Бардык тармактар боюнча санариптештирүүнү тездетебиз. Жыйынтыгын көрүп жатабыз, биз дүйнөлүк рейтингде санариптештирүү боюнча 9 позицияга алдыга жылдык. Бул кыска мөөнөттөгү абдан чоң жетишкендик деп эсептейм. Деги эле калктын турмушун жакшыртууга багытталган бардык долбоорлор токтобойт», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий