• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков: Биз мыкты мугалимдерди ар дайым сыйлайбыз, сыймыктанабыз

Президент 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Биз мыкты мугалимдерди ар дайым сыйлайбыз, сыймыктанабыз, - деп айтты Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды тапшыруу аземинде.

Мамлекет башчысынын айтуусуна караганда, келечек ыймандуу жана билимдүү жаштардын колунда.

“Балдарыбызга сапаттуу билим, татыктуу тарбия берип жаткан мугалимдерибиз — терең урматка ээ. Элет жеринде эмгектенип, сапаттуу билим берген мугалимдерге өзгөчө алкышыбызды айтабыз”, - деген президент сыйлыкка татыган мугалимдерди мисал келтирди.

Мисалы, Жанузакова Ибадат Шакиевна — Токтогул районундагы Бөкөнбаев атындагы мектептин башталгыч класстарынын мугалими.

Ал бардык күч аракетин, билимин, бай тажрыйбасын жаш балдарды тарбиялоого жумшап келүүдө.

Ибадат Шакиевнанын ар бир окуучунун психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алган иш тажрыйбалары райондук, облустук деңгээлде жайылтылган.

Өзүнүн автордук программасын түзүп, үзүрлүү эмгектенип жатканын Токтогулга барганда көрүп келдим.

Элеттик мугалим эжебиз „Эмгек сиӊирген мугалим“ наамына татыктуу болду.

Ал эми Стаханов Токтожума Мадиевич — Жумгал районундагы Кызыл-Октябрь орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими болуп иштейт.

Талыкпас эмгегинин натыйжасында бир катар кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон.

Тоолуу айылдагы мектептин мугалими кесиптештеринин арасынан суурулуп чыгып, өз эмгеги менен наамга татыктуу болуп жатат, - деген өлкө башчысы „Эмгек сиңирген мугалим“ ардак наамын алып жаткан — Бардагүл Качканакованын эмгегине токтолду.

Бардагүл Дүйшөновна — Таластагы Отунбаев орто мектебинин мугалими.

Окуучуларга билим берүүдө ар бир окуучунун жөндөмүн эске алып, сапаттуу сабак берет.

Ал директор болуп иштеген учурда Манас районундагы Кызыл-Жылдыз орто мектеби облуста 1-орунда турган, жыл сайын 3-4 окуучу мектепти артыкчылык менен бүтүрүшкөн, республикалык олимпиадаларга катышкан. Бардагүл Дүйшөновнанын чыгырмачылык менен иш алып барган тажрыйбалары белгилүү.

"Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун калеми менен дүйнөгө таанымал болгон — биринчи мугалим Дүйшөн агайдын кызы экенин айта кеткеним да орундуу болоор", - деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий