• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Биз тарыхты кайра жазуу аракеттерине каршы чечкиндүү күрөшөбүз

Президент 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. «Биз тарыхты кайра жазуу аракеттерине каршы чечкиндүү күрөшөбүз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда КР Жогорку Кеңешинин жыйынында.

Мамлекет башчысы 2020-жыл — союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз болгон Россия менен эриш-аркак мамилелердин жылы деп жарыялангандыгын эске салды. Башка бир катар иш-чаралар менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы белгилене тургандыгын билдирди.

«Жеңиштин 75 жылдыгы Кыргызстанда жалпы элибиз тарабынан эң жогорку деңгээлде майрамдалат. Биз ата-бабаларыбыздын баатырдыгын жана каармандыгын эстен чыгарбайбыз. Биздин келечегибиз үчүн жанын кыйып, өз өмүрүн арнаган аталарыбыздын элесине терең урмат менен таазим этип, дайыма эскерүүгө милдеттүүбүз», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий