• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жээнбеков: Биз таза президенттик шайлоону өткөрүп жатабыз, бүгүн баарын эл чечет

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. Биз таза президенттик шайлоону өткөрүп жатабыз, бүгүн бардыгын эл чечет. Бул тууралуу бүгүн президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков №5 мектеп-гимназиясындагы №1327 шайлоо тилкесинде добуш берген соң билдирди.

Талапкердин айтымында, анын маанайы максаттуу “командабыз жеңишке жетишет” деп ишенет.

Жээнбеков үгүт кампаниясынын жүрүшү тууралуу ыпластык, чагымчылык көп болгонун, күрөш катуу жүргөнүн айтты.

Жээнбеков үгүт кампаниясы адилет болгонун, бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттар түзүлгөнүн кошумчалады.

Буга чейин бир аз мурда №70 мектеп-гимназиядагы №1216 шайлоо тилкесинде дагы бир талапкер Өмүрбек Бабанов добуш берген.

Ал дагы бүгүн бардыгын эл чечерин айткан. Анын айтымында, адамдар өзгөрүүлөрдү күтүүдө, бул ирет калкыбыз өз сөзүн айтарына толук ишенет.

Пикир

Оставить комментарий