• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Биз жалпы тарыхыбызды унутпай, аны кайрадан жазып чыгууга болгон аракеттерге биргелешип каршы турушубуз керек

Саясат 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. «Биз жалпы тарыхыбызды унутпай, аны кайрадан жазып чыгууга болгон аракеттерге биргелешип каршы турушубуз керек», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда, Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өткөн Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин Жеңиш майрамына өзгөчө маани берерин белгиледи.

«Биз жалпы Мекенибиздин эркиндигин сактап калгандарды терең ыраазычылык менен эскеребиз, Улуу Жеңиштин урматына ири иш-чараларды өткөрөбүз», — деп баса белгиледи ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков Тогузунчу Май — жалпы Жеңишибиздин күнү экенин, Совет эли бүткүл дүйнөгө биримдиктин, массалык каармандыктын, Ата-Журтуна берилгендиктин уникалдуу мисалын көрсөткөнүн дагы бир жолу белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий