• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков: Биздин элде алам дегенден, берем деген көп экендиги кубантат

Президент 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. «Биздин элде алам дегенден, берем деген көп экендиги кубантат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиого» берген маегинде.

Мамлекет башчысы аны учурдагы кырдаалда эмне капалантат жана тескерисинче, аны эмне кубандырары туурасында жооп берди.

Сооронбай Жээнбеков, мисал келтирип жатып, Президент катары, жаран катары да чиновниктердин армиясындагы адам фактору, тагыраак айтканда, жоопкерчиликсиздик, кайдыгерлик абдан өкүндүрөт деп белгиледи.

«Бир мисалга токтолуп кетейин. Кечээ Токмоктогу „Транс текстиль“ фабрикасына бардым. Мурун дагы баргам. Булар кездеме чыгара башташкан. Алар эми профилин өзгөртүп, маска чыгара башташты. Эми азыр биз маскага абдан муктаж болбодукпу. Сырттан алып келип жаттык. Мына ошол сырттан келип жаткан масканы токтотуп, бир эле бизге эмес, экспортко чыкканга чоң мүмкүнчүлүгү бар фабриканы башташкан да. Эми ошого жардам бергендин ордуна, биздин мамлекеттик органдар, айрыкча орто звенодогу чиновниктердин кайдыгерлигинен, шалаакылыгынан улам бир-эки кагаз ала албагандыктан, толук кандуу иштей албай жатат. Кечээ ушуну көрүп абдан кейидим. Ал жерде жумушчу орундары бар, салык төлөйт, соцфондго чегерет. Ошол жерде иштегендер айлык алат, сыртка кетпейт. Жумушчу орун болот ал жерде. Ошонун баарын көрүп туруп, ошол мамлекеттик органдардын — Каржы министрлигинин башкармалыгынын, Экономика министрлигинин, стандартташтыруу боюнча мамлекеттик органдын, Саламаттык сактоо министрлигинин кайдыгерлигин көрүп, абдан капаландым», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы бул боюнча тапшырма берилгенин жана чара көрүлөрүн айтты.

«Биз азыр фабрика, завод салалы, ошолорду иштетели деп аракет кылып жатабыз. Жаңы технология менен экинчи бир жаңы линиясын салыптыр. Пахтаны кайра иштетет. Былтыр 300 тонна пахта сатып алыптыр, өзүбүздүн жарандар, ишкерлер мына. Ошол ноябрда ишке кирмек экен. Мына бир жыл болуп калыптыр. Ошону дагы биздин мамлекеттик органдар бербей, созуп ушул күнгө келген да», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы мындайлар менен катуу күрөш болуп, мындай адамдар мамлекеттик бийликте иштебеши керек жана алардын орду башка жерде экенидигин кошумчалады.

Ошондой эле Президент азыркы кырдаалда ага позитивдүү эмоцияларды эмне алып келип жатканы туурасында айтты.

«Мени элибиздин кең пейилдиги кубантат. Ынтымак, биримдиги кубантат. Оор мезгилде биз — кыргыз эли өзүбүздү көргөздүк. Баары суктанып жатышат. Мамлекет кыйналып калганда биздин ишкерлерибиз, биздин ыктыярчыларыбыз, жалпы элибиз көтөрүлүп, „Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот“ дегендей, мына мени ушул кубандырат. Анан дарыгерлерибиздин баатырдыгы кубантат. Учурдан пайдаланып, биздин медиктерге башымды ийип, чын ниетимен дагы бир ирет таазим кылам!», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы карантин киргенде, бардык ишканалар жабылып калганда биздин ишкерлерибиз, биздин жарандарыбыз, ыктыярчылар өздөрү чыгып, тамак-аш жетишпей жаткандарга үйүнө чейин барып, жардам берип жаткандыгын эске салды.

«Мына азыр дагы ооругандарга дары-дармек, медициналык жардам берип жатат. Ыктыярчылар кандай чоң күч экенин көрүп жатабыз. Ишкерлерибиздин социалдык жоопкерчилиги, коомго болгон ак ниет мамилеси көрүндү! Мен ыктыярчыларыбызга терең рахмат айтам. Ар дайым элиңер менен болгула! Кылган ишиңер Кудайдан кайтат, кайтпай койбойт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал дагы бир ирет айтып өттү, биз тарыхы терең элбиз, далай кыйынчылыктарды жеңген элбиз.

«Кыйынчылык башка түшкөндө, бириге калган, ынтымактуу элбиз. Мына ушунубуз менен бардык кыйынчылыктарды, буйруса, Кудайдын колдоосу менен жеңебиз», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий