• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков: Биздин өнүгүүбүздүн негизги кепилдиги — бул эмгек адамы

Президент 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-октябрда Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон кыргызстандыктарга сыйлыктарды тапшырды.

Президент өз сөзүндө адал эмгек, ак ниет аракет мамлекет тарабынан адилет бааланышы зарыл экендигин белгиледи.

«Эртеби кечпи, эмгек адамы маңдай теринин үзүрүн сөзсүз көрүшү керек. Эл үчүн, коом үчүн жан аябай эмгек эткен адамдарды сыйлап алуу, алардын коомдогу ардактуу ордун белгилөө — мамлекеттин милдети», — деди Президент.

Мамлекет башчысы сыйлык тапшыруу ал үчүн чоң сыймык экендигин белгиледи. «Сыйлык — сиздердики, а сыймык — элдики. Сыйлыгыңыздар кут болсун!», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент азыр өлкөбүздүн коомдук, саясий жана социалдык турмушунда чоң өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын белгиледи.

«Биз алдыбызга бир топ стратегиялык максаттарды койдук, амбициялуу долбоорлорду белгиледик. Биздин башкы максатыбыз — өлкөбүздү өнүктүрүү, экономиканы көтөрүү, маданий-социалдык чөйрөнү жакшыртуу», — деп Мамлекет башчысы ошол асыл максаттарга талбаган мээнет, чымырканган эмгек менен гана жетебиз деп кошумчалады.

«Биздин өнүгүүбүздүн негизги кепилдиги — бул эмгек адамы, коомубузда эмгек адамы эӊ сыйлуу орунду ээлеш керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Залда олтургандарга кайрылып, сиздер менен бүт өлкө сыймыктанат деди. «Ошол эмгек адамдарынын алдыӊкы сабында тургандар, өлкөбүз сыймыктана турган инсандар, сиздер, бүгүнкү аземдин ээлери, ушул залда олтурасыздар. Сиздерге карап башкалар үлгү алат, жаштарыбыз шыктанып, чоӊ максаттарга умтулат. Адал эмгек, таза мээнет аркылуу коомдун сый-урматына жетүүгө болооруна ынанат, — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков. — Дагы айтам, өлкөбүздө ак эмгекти, адал иштеп, таза жүрүүнү — турмуштук моралга, жашоо нормасына а йлантуу менен гана жаркын келечекти кура алабыз. Коомдо эмгекчилдик, мекенчилдик жашоонун үлгүсүнө айланганда, ал эми мамлекетте акыйкаттык, адилеттик орун алганда биз сөзсүз зор ийгиликтерге жетебиз».

Президент бүгүн сыйлык алып жаткандар ар кайсы тармакта үзүрлүү иштеп, кайратман эмгеги менен улуу журтубуздун урмат-сыйына татыган инсандар экендигин белгиледи. «Бүгүн сыйлык алып жаткандар — коомчулук тарабынан буга чейин эле сый-урматка жетип, элдин ыраазылыгына ээ болгондор. Алардын катарында жөнөкөй дыйкан, жеке ишкерлер, жумушчу, мугалим, врач, маданият кызматкерлери бар, " — деди Мамлекет башчысы.

Азыркы күндө билим чөйрөсүндө мыкты жетишкендиктерди көрсөтүп жаткан мектептер, мугалимдер, жогорку окуу жайлар бар экендиги дагы белгиленди. Алардын алдыңкы сабында бараткан бир топ мугалимдер «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» деген жогорку наамга татыктуу болушкан.

Президент Ош мамлекеттик университети өз каражаттарынын эсебинен жаңы 12 окуу корпусун кургандыгын, бул Кыргызстандын башка жогорку окуу жайларына жакшы үлгү болоорун канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысы жагдайдан пайдаланып, педагогдорду кесиптик майрамы — 5-октябрда белгилене турган Мугалимдер күнү менен куттуктады.

Элибиздин саламаттыгынын сакчылыгында жүргөн дарыгерлерлер, медицина кызматкерлери бүгүн жогорку сыйлыктарга — эмгек сиӊирген врач, эмгек сиӊирген кызматкер наамдарына ээ болушту.

Коомубуздун руханий көрөӊгөсүн байытып, улуттук маданияттын өнүгүүсүнө зор салым кошкон чыгармачыл инсандарыбызга ардактуу наамдар ыйгарылды.

Айыл жеринде жумуш орундарын түзүп жаткан дыйкан, фермердик чарбалардын кызматкерлерине өзгөчө сый-урмат менен мамиле жасалып, алар мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту.

«Башка тармактарда да үлгүлүү иштерди аткарып, зор ийгиликтерди жараткан мекендештерибиз бүгүн жогорку мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланып олтурушат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң салым кошуп, элибиздин сый-урматына ээ болгон белгилүү инсандар мамлекетибиздин жогорку сыйлыгы — «Манас» орденине татыктуу болушканын баса белгиледи. «Алардын арасында профессор Асанбек Абдыкеримов бар. Ал бүт өмүрүн билим берүүгө жана илимге арнап, жүздөгөн айыл чарба адистерин даярдаган. Владимир Нифадьев — белгилүү окумуштуу, Кыргыз — Россия Славян университетинин түптөгөндөрдүн бири. Чейрек кылымдан бери ушул университетти жетек теп келет. Ушул эле окуу жайдын профессору Айтбай Казакбаев көп жылдар бою илим менен практиканы ийгиликтүү айкалыштырган таанымал инсан.

Парламенттин депутаты Мыктыбек Абдылдаев тууралуу кеп кылып, Президент анын принципалдуулугу жана тазалыгы менен айырмаланганын белгиледи. Жогорку Кеңештин депутаты катары эң орчундуу маселелерди көтөрүп, элдин, мамлекеттин көйгөйү менен жашаган инсан. «Мыктыбек Юсуповичке «Манас» орденин тапшыруу мен үчүн сыймыктуу вазийпа», -деди Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков Анна Кутанованын эмгегин белгилеп келип, ал адам Ленинград блокадасында жетим калган балдарды өз баласындай багып-өстүргөн кыргыз элинин айкөлдүгүн, кайрымдуулугун даңазалаган көп иштерди аткарганын баса айтты. Анын жасаган эмгегине, адамдык бийик парасатына жогору баа берилип, «Даңк» ордени менен сыйланды.

«Улуттук адабиятка зор салым кошуп, анын түйшүгүн тартып, мыкты адабий чыгармаларды жараткан Нурпаис агабызды жана таланттуу акын Светлана Георгиевна Суслованы «Кыргыз эл акыны» ал эми Сейит агабызды «Кыргыз эл жазуучусу» деген бийик наамы менен куттуктагым келет», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча тартылган «Жамийла» фильми баарыбызга белгилүү экенине токтолду. «Ошол «Жамийла» фильминде Сейиттин ролун аткарган Насредин агабыз 40 жылдан ашык чыгармачылык жолунда ондон ашуун мыкты кинолорго тартылыптыр. Бүгүн мен Насредин Дубашевке «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген наамды тапшырып жатканыма өтө кубанып турам», -деп баса белгиледи ал.

Мамлекет башчысы сыйлыкка татыктуу болгондордун ар биринин эмгеги тууралуу өзүнчө сөз кылып берсе жарашаарын белгиледи. «Сиздер элибиздин сыймыгы, улуттун көрөңгөсү, өлкөнүн бакубат жашоосуна эмгеги менен салым кошуп жаткан чыныгы мекенчил, мамлекетчил адамдарсыздар! Сиздерди дагы бир жолу жогорку мамлекеттик сыйлыгыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Сиздер сыяктуу мээнеткеч, үлгүлүү адамдар көп болсо, Кыргызстандыбыздын келечеги кең болот!», — деп баса белгиледи Президент.

Президент Сооронбай Жээнбеков бакубат жашоонун, келечектин, кубаттуу өлкөнүн бир гана тиреги — эмгек экендигин белгиледи. «Эмгек аркылуу гана өлкөбүздү дүйнөнүн алдыңкы катарына кошобуз!», — деп сөзүн жыйынтыктады Мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий