• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Шайлдабекованы кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-октябрда, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кбыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, 2020-2021-жж. Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын жүрүшү маселелери талкууланды.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымдагандай, жакынкы эки жылдын ичинде шайлоо мыйзамдарына ылайык өлкөдө төмөнкү шайлоолорду өткөрүү пландалган: 2020-жылдын апрелинде 31 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык), 2020-жылдын октябрында Жогорку Кеңешке шайлоо, 2021-жылдын апрелинде 417 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык), 2021-жылы 4 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык).

БШКнын төрайымы 2020-жылдагы шайлоолорго даярдыктар боюнча бардык иш-чараларды ишке ашыруу үчүн жетиштүү убакытты талап кыларын жана кезектеги шайлоолордун мөөнөтүн сактоону эске алуу менен пландаштырылганын белгиледи. Шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү практикалык жактан ишке ашыруу жана өлкөнүн шайлоо системасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу жолу менен партиялык системаны бекемдөө боюнча алдыга коюлган милдетти эске салды.

Ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын жаңычылдыктары боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин натыйжалуу жүргүзүү, жарандардын шайлоо системасына ишенимин жогорулатуу жана шайлоо комиссиясынын ишинин ачыктыгын камсыздоонун зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий