• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков БУУ системасынын Кыргызстандагы туруктуу координатору менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-апрелде, БУУ системасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Тараптар коронавирус инфекциясынан улам өлкөдө түзүлгөн кырдаал жөнүндө пикир алышып, анын мындан ары жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен кадамдарды талкуулашты.

Мамлекет башчысы кыргыз тараптын бул багытта көрүп жаткан чараларын белгилеп, ошондой эле келип чыккан көйгөйлөрдү жана өлкөнүн биринчи кезектеги муктаждыктарын белгиледи.

Тагыраак айтканда, саламаттыкты сактоо, билим берүү, азык-түлүк коопсуздугу тармактарына, ошону менен катар чакан жана орто ишкерликке колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

БУУнун туруктуу координатору Озонниа Ожиело Президент Сооронбай Жээнбековго БУУнун Кыргызстандагы жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте 8 артыкчылык берилген багыт аныкталып, анын алкагында COVID-19 вирусунун мындан ары жайылышына каршы күрөшүү, ошондой эле анын социалдык-экономикалык тармактарга тийгизген кесепеттерин жеңип чыгуу боюнча биргелешип иш жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

Ошондой эле ал 2 млн АКШ доллары көлөмүндө Гуманитардык жардам кылуунун глобалдык планы жана «COVID-19» менен күрөштү каржылоо үчүн Экономикалык фонд түзүлгөндүгү тууралуу айтып берди. Озонниа Ожиело Кыргызстан БУУнун ушул инструменттердин алкагындагы колдоосуна ишенсе болоорун баса белгиледи.

Мындан сырткары, жолугушууда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Туруктуу координатордун маалыматы боюнча, ФАО (БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму) Кыргыз Республикасынын ТИМи менен биргеликте бул багытта зарыл иштерди жүргүзүүдө.

Бул өңүттө Озонниа Ожиело Кыргызстандын жарандыгы жок жарандардын көйгөйлөрүн дүйнөдө биринчилерден болуп чечиши учурда өлкө калкынын эң аярлуу катмарына даректүү жардам берүүнү бир кыйла жеңилдеткенин белгиледи.

БУУ системасынын туруктуу координатору илдеттин жайылышынан улам пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий