• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында онлайн режиминде чыгып сүйлөйт

Президент 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 21-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракелик жыйынынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгы өз ишин баштайт. Башкы Ассамблеянын биринчи иш-чарасы БУУнун түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына арналган Жогорку деңгээлдеги жыйыны болот. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасайт.

Анын сөзү БУУнун штаб-квартирасында бүгүн кечинде көрсөтүлөт.

Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттары да өтүп, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасайт.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысы 30-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик жыйынынын алкагында уюштурулган Биоартүрдүүлүк боюнча саммитинде видео кайрылуу жасайт.

Маалымат үчүн: Коронавирус пандемиясына жана БУУга мүчө мамлекеттердеги жана Нью-Йорктогу учурдагы карантиндик чектөөлөргө байланыштуу, быйыл Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында бардык иш-чаралар онлайн режимде өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий