• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы Жалпы дебатта видеокайрылуу менен чыгат

Президент 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 23-сентябрда, Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын Жалпы дебаттар алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун сүйлөгөн сөзү трансляцияланат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы кайрылуусунда демократиялык институттар менен коомчулукту бекемдөөгө багытталган реформаларды жылдырууга, экономиканы, социалдык секторду өнүктүрүү боюнча өлкөдө көрүлүп жаткан чараларга токтолот. Кыргызстанда коронавирус инфекциясы пандемиясы маалындагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурулат.

Ошондой эле ал эл аралык туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөө, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү сыяктуу глобалдык мүнөздөгү маселелер тууралуу айтат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун сөзү БУУнун штаб-квартирасында бүгүн кечинде берилет.

БУУ Башкы Ассамблеясынын 75-мааракелик сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгы алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында Биоартүрдүүлүк боюнча саммитте видеокайрылуу жасайт.

Маалымат үчүн: Коронавирус пандемиясына жана БУУга мүчө-мамлекеттердеги жана Нью-Йорктогу учурдагы карантиндик чектөөлөргө байланыштуу, быйыл Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында бардык иш-чаралар онлайн режимде өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий