• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков БУУнун Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 16.11.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттук Уюмунун Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енча менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысы жылуу учурашып, ар кандай деңгээлдеги байланыштар Кыргызстандын БУУ менен болгон кызматташтыгынын жогорку деңгээлинин көрсөткүчү экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Мирослав Енчага Нью-Йорк шаарында 2018-жылдын 24-сентябрында өткөн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышына катышып, колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент коомчулукту бириктирүү жана этникалар аралык мамилелерди бекемдөө, аймактарды өнүктүрүү, коррупция менен күрөшүү, 2018-2040-жылдарга карата Улуттук өнүктүрүү стратегиясынын алкагында жүргүзүлүп жаткан жумуштар тууралуу айтып берди.

«Мен ишкерлик жана жарандык коомчулук, чет мамлекеттерде жашаган мекендештер жана жаштар, өлкөнүн донорлору менен бир катар жолугушууларды өткөрдүм. Үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында өлкөнүн өкмөтүнүн жана парламентинин мурдагы башчылары менен жолугушууну пландап жатам. Бул биздин коомдун көз карашын аныктап, бардык тараптарды бириктирүүгө болгон жаңы практика», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал 2019-жылдын жаз айларында Кыргызстанда Донорлор конференциясы өтөөрүн жана анда БУУнун жогорку өкүлү катышаарына ишенимин билдирди.

БУУнун Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енча Чыңгыз Айтматов улуу жазуучу гана эмес, мыкты дипломат болгонун, элдерди өзүнүн чыгармачылыгы жана дипломатиялык өнөрү менен бириктиргенин белгиледи.

«Бул көргөзмө Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында өтүп, көптөгөн жетекчилер, мамлекет башчылар жана делегация мүчөлөрү аны менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты», — деп белгиледи Мирослав Енча.

Ал БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутеррештин жылуу саламын айтып, Кыргызстан жана БУУнун ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий