• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Чүй облусу региондорду өнүктүрүүдө лидер болушу керек

Президент 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июлда Жайыл районунун жана Чүй облусунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууга Бекитай айылындагы Молдосанов атындагы орто мектептин спорт залынын ачылышы себеп болду.

Мамлекет башчысы 2018-жыл анын Жарлыгы менен региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын эске салды.

«Региондор өнүкпөсө, өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн эмес», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Мен көп жылдар бою региондордо иштедим жана алардын көйгөйлөрү менен мүдөөлөрүн билем. Тилекке каршы, буга чейин мамлекеттин экономикалык саясаты региондордун өнүгүшүнө көмөк болгон эмес. Бюджеттик, салык, акча, насыя саясаты региондордун өзгөчөлүктөрүн эске алган жок. Натыйжада бир райондо экинчисине караганда турмуш беш эсе жакшы болуп, ички жана тышка миграция өстү», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал региондорго карата мамлекеттик саясатты өзгөртүү мезгили келгенин, ошондуктан өлкөнүн региондорун өнүктүрүүгө көп көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.

«Мамлекеттик саясатта жана күндөлүк турмушубузда регион, айыл деген түшүнүктөр активдүү пайдаланылышы керек. Элет — биздин генофондубуз, үрп-адаттарыбыз жана каада-салттарыбыз, тарыхыбыз. Элеттин өнүккөнү — өлкөнүн өнүккөнү», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал Чүй облусунда фермерчиликти эле эмес, бүтүндөй өндүрүштү өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн кошумчалады. Өнүккөн транспорттук инфраструктура бар, ири рынокторго жана кошуна өлкөлөргө чыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк.

«Чүй облусу региондорду өнүктүрүүдө лидер болушу керек. Чүй облусу өнүгүүнүн модели жана бүт өлкөбүз үчүн локомотив болооруна ишенем. Мында 60тан ашык улуттардын өкүлдөрү тынчтыкта жана ынтымакта жашап жатышат. Сары Өзөн Чүй бардыгыбызды койнуна батырып, бизди багып жатат», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Спорттук залдын ачылышына токтолуп, Президент Сооронбай Жээнбеков айылдыктар жана мектептин жамааты менен бирге бүгүн ушул кубанычты тең бөлүшүп жатканына ыраазы экенин айтты.

Мамлекет башчысы ушул спортзалдан мыкты спортчулар тарбияланып, машыксын жана келечекте атактуу балбан Кожомкулдан кем калбаган азаматтар чыксын деген каалоосун билдирди.

Жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков спортзалды көрүп чыкты жана мектеп директору Айна Абдыкуловага тастыктама тапшырды.

Спортзалдын ачылыш аземине КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов жана КР Жогорку Кеңешинин депуттары катышты.

Маалымат:

Спортзалдын курулушу 2016-жылы башталган, жалпы баасы 14850,8 миң сом, объекттин өлчөмү — 36×12 метр. Спортзалдан башка анда күрөш залы, душ жана машыктыруучулар үчүн бөлмө бар.

Пикир

Оставить комментарий