• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Чүй облусундагы күн энергетикасы үчүн продукция чыгаруучу ишканага барды

Президент 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка айылында жайгашкан күн энергетикасы үчүн монокристаллдык куймаларды жана такталарды чыгаруучу ишканага барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«КХМЗ-Астра» ЖЧКсынын директору Ярослав Кузнецов «Астра Солар Технолоджис» күн энергетикасы үчүн HJT технологиясы боюнча монокристаллдык куймаларды жана такталарды чыгарган КМШдагы жалгыз ишкана экенин айтты. Долбоордун жалпы наркы 5-9 млн АКШ долларын түзөт. Күтүлгөн жылдык киреше — 1 млрд сом. Кыргыз Республикасынын бюджетине бюджеттик чегерүүлөр 120 млн сомго чейин болот деп болжолдонгон. Долбоордун алкагында 200-300 жумушчу орунду түзүү каралган.

Ишкананын директору Ярослав Кузнецов Россияда күн энергетикасын колдоо жана өнүктүрүү программасы иштеп жатканын эске салды. Ал программанын алдыңкы катышуучусу — «Хевел» компаниясы «Астра Солар Технолоджис» компаниясынын продукциясын сатууну камсыз кылат. Ал белгилегендей, 2020-жылга карата Россиянын күн энергетикасы боюнча мамлекеттик программасы күн модулдарын керектөөнү 500 МВтка чейин жеткирүүнү мерчемдөөдө. Бул Орловка айылындагы ишкананын өндүрүшүн 4 эсе кеңейтип, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр ша арындагы поликремний өнүрүшүн ишке киргизүүгө инвестиция тартуу үчүн ыңгайлуу шарт түзөт.

Ишканалар толук кубаттуулукта иштей баштаганда Орловкада 1000 адам, ал эми Таш-Көмүрдө 2000 адам жумушка орношот.

Президент Сооронбай Жээнбеков энергиянын жаңыланма булактарынын келечеги кең экенин белгиледи. Өлкөнүн финансы институттары экспортко багытталган, өлкө экономикасын өнүктүрүүгө салым кошууга дарамети бар долбоорлорду каржылоонун артыкчылыктуу багыт катары колдойт.

Маалымат: 2017-жылдын март айында Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду бул долбоорду каржылоо үчүн инвестициялык насыя бөлүп берүүнү алдын ала жактырган. 2018-жылдын аягында бул долбоорду каржылоого 1 млн АКШ долларын бөлүү мерчемделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий