• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Чүй облусундагы логистикалык борбор менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков региондорго болгон жумушчу сапарларын улантып, бүгүн, 26-июлда Чүй облусунун Москва жана Жайыл райондоруна барып келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы сапардын алкагында Москва районундагы логистикалык борбордун иши менен таанышты.

Мекеменин жетекчиси Уран Ниязалиев бүгүнкү күндө 65 адам жумуш менен камсыз болгонун маалымдады. Ишкана фермерлер жана чарбалыктар менен тыгыз кызматташып, аларды үрөн, жаныбарларга тоют менен камсыз кылат, консультациялык кызматтарды көрсөтөт.

Уран Ниязалиев бүгүнкү күндө 460 гектарга жасмык, 300 гектарга нокот жана төө буурчак айдалганын айтып берди. Продукция ички рынокко, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнө, Кытайга, Афганистанга чыгат деп пландалууда.

Учурда азык-түлүк продукциясынын коопсуздук системасын киргизүүнү иштеп чыгуу процесси жүрүп жатат. Келечекте бул процесс сертификацияланып, продукцияны ВСП+ алкагында эл аралык рынокко, Евросоюз өлкөлөрүнө чыгарууга артыкчылык берет.

Жасмык, төө буурчак, маш буурчак, нокот жана гречка сыяктуу буурчак өсүмдүктөрүн өстүрүп, иргелип, сорттоп, өлчөп-орой турган ишкана 2018-жылдын сентябрында ишке киргизилет.

Президент Сооронбай Жээнбеков, ишкананын пландары жана иши менен таанышып чыгып, ЕАЭБдин чоң рыногуна айыл чарба азык-түлүктөрүн алып чыгууда Кыргызстандын зор мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи. Башкы милдет — инфраструктураны дүйнөлүк жана ЕАЭБ стандарттарына ылайык өркүндөтүү.

«Региондордо жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылып, айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүүчү ушундай ишканалардын улам көбөйүп бара жатканы кубандырат. Сиздердин ишкана өндүрүүчүлөргө Кыргызстандын ВСП+ макамынын өзгөчөлүктөрүнөн пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүгө умтулат, бул аракетиңиздер мамлекет тарабынан колдоого татыктуу», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана борбордун жетекчилиги менен жамаатына ак эмгеги жана региондорду өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Маалымдама: «Дан Жемиштери» ЖЧК логистикалык борбордун курулушуна өз каражаттарынын эсебинен киргизилген капиталдык салымдардын көлөмү 100 млн сомду түздү, анын ичинен 95 млн сому өздөштүрүлдү. 100 млн сомго жабдуулар сатылып алынды. Азыр монтаждоо иштери жүрүп жатат. Өндүрүштүк кубаттуулугу — жылына 8 миң тонна.

Пикир

Оставить комментарий