• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков: Чек ара коопсуздугун бекемдөө - өлкө жетекчилигинин көңүл борборунда

Президент 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-мартта, Баткен облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Баткен чек ара отрядына барды.

Башкы штабдын башчысы — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттиик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев Баткен чек ара отряды 1999-жылы түзүлгөндүгүн билдирди.

Баткен чек ара отрядынын аскер кызматкерлери узундугу жалпысы 400 чакырымдан ашуун кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын татаал участокторун кайтарып, коргошконун маалымдады.

Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун алкагында Баткен чек ара отрядында заманбап чек ара комплекстери курулган.

Абдикарим Алимбаев модулдук имараттардын заманбап комплекстери бардык инфратүзүмдөр: административдик жайлары менен казарма, офицердик курам (прапорщиктер) жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн үйлөр, кампа жайлары, техникаларды сактоо жана ремонттоо үчүн жабык жайлар жана башкаларды өзүнө камтыганын белгиледи.

Мындан сырткары, жаңы комплекстерде ок атуу даярдыгы боюнча машыгуучу жайлар жана спорт аянтчалары да бар.

Аны менен бирге Баткен чек ара отрядынын инфраструктурасын кошумча жакшыртуу зарылдыгы белгиленди. Абдикарим Алимбаев офицердик курам жана прапорщиктер үчүн үй куруу боюнча пландар тууралуу айтып берди. Ошондой эле отряд жайгашкан жерге жаңы кызматтык имараттар, анын ичинде аскер кызматкерлери үчүн казармаларды салуу болжолдонууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков чек ара коопсуздугун бекемдөө ар дайым өлкө жетекчилигинин өзгөчө көңүл борборунда тураарын баса белгиледи. Ал аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын жакшыртуу жана Куралдуу күчтөрдүн аскердик даярдыгын жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу улантыларын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий