• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Чек арада кызмат өтөө — жооптуу жана абдан татаал милдет

Президент 0

Бишкек, 28.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда чек арачыларды кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Чек арачынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзүн толугу менен келтиребиз:

«Урматтуу чек арачылар!

Кымбаттуу чек ара кызматынын ардагерлери!

Сиздерди Чек арачынын күнү — Ата Мекендин чектеринде күнү-түнү кызмат өтөгөндөрдүн кесиптик майрамы менен куттуктайм!

Мамлекеттик чек ара жана анын бекем кайтарылышы өлкөнүн көз карандысыздыгынын негизги элементтеринин бири.

Эгемендик жылдарында Кыргызстандын чек ара ведомствосу жакшы тарыхый салттарды өзүнө сиңирип, жаңы, Мекенге болгон сүйүү жана аскердик милдет сезимдерине негизделген салттарды калыптандыра алды.

Бүгүн биз чек арачы жоокерлерди офицерлерди куттуктап, ардагерлерге сый-урмат көрсөтүп, ыктыярдуу элдик кошуундарга жана чек арачы ыйгарым укуктуу өкүлдөргө ыраазычылык сөздөрүбүздү айтабыз.

Чек арада кызмат өтөө –жооптуу жана абдан татаал милдет. Дал ушул жерде мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарды, аймактык бүтүндүгүн коргоп калуу, өз жарандарын учурдун ар кандай чакырыктары менен коркунучтарынан сактап калуу жөндөмдүүлүгү текшерилет. Чек ара өлкөнүн чыныгы мекенчил азаматтарынын эркин чыңап, курчутат. Мамлекеттик чек араны коргоо ишине бүт өмүрүн арнаган адамдар эрдиктин, Мекен алдындагы өз милдетине бек туруу, абийирдүүлүктүн жана айкөлдүктүн үлгүсүн көрсөтүшүүдө.

Мамлекеттик чек ара кызматы калыптануунун жаңы стадиясына — кесипкөйлүктү, ыкчамдыкты жана мобилдүүлүктү жогорулатуу, Кыргызстан элинин ишенимине жана урматтоосуна ээ болуу стадиясына киришти.

Мындан ары да кошуна өлкөлөр менен да, эл аралык интеграциялык бирикмелердин алкактарында да теңчилик, өз ара ишеним жана урматтоо принциптирине ылайык кызматташууну өнүктүрүү жана чек араны коргоонун жаңы формаларын киргизип, материалдык-техникалык каражаттарды жакшыртууга басым жасоо зарыл.

Кыргызстан ишкер кызматташтык жана чек арадагы достук байланыштарды өнүктүрүү үчүн ачык болушу керек жана өлкө чеги эл аралык терроризмден, экстремизмден, баңги трафиктеринен жана контрабандадан ишенимдүү корголууга тийиш.

Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, бак-таалай, бакубатчылык жана татаал, бирок, Кыргызстандын жыргалчылыгына арналган кызматыңыздарда жаңы жетишкендиктерди каалайм.»

Пикир

Оставить комментарий