• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков чек арадан көзөмөлсүз өтүүгө жол бербөө чараларын көрүүнү тапшырды

Президент 0

Бишкек, 17.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-апрелде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекеттик чек арадагы пайда болуп жаткан көйгөйлөрдү жөнгө салуу маселелери жана абалы талкууланды.

Мамлекет башчысына мамлекеттик чек араны күзөтүү жана коргоо боюнча, ошондой эле кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларындагы жакында болуп өткөн окуяларга байланыштуу абал боюнча аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө маалымат берилди.

Мындан тышкары, Уларбек Шаршеев Президенттин Чек ара кызматынын ишмердигин жана жарандарды чек арадан өткөрүү тартибин жакшыртуу жөнүндө бир катар тапшырмасын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча маалымдады.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан, өзгөчө жергиликтүү тургундар жашаган чек арага жакын жерлерде көзөмөлсүз өтүүгө жол бербеш үчүн уюштуруучулук жана техникалык мүнөздөгү чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ведомствонун алдына ар түрдүү чыр-чатактардын алдын алыш үчүн мамлекеттик чек аранын тартибин сактоо боюнча жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдетин тапшырды.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы участокторунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуунун көбөйүшүн эске алуу менен Президент Сооронбай Жээнбеков өткөрүү пункттарында адамдардын жана транспорттун көп топтолушуна жол бербөө иш-чараларын улантууну тапшырды.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, КР президентинин кеңешчиси Жеңиш Разаков дагы катышты.

Пикир

Оставить комментарий