• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков: Чек аралар жабылганга чейин 6 миңден ашык мекендешибизди Кыргызстанга алып келдик

Президент 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. «Илдет чыккандан бери чет өлкөлөрдө иштеп жүрүп, үйгө кайтып келүүнү каалаган ар бир боордошубуздун абалын түшүнүп турам. Чек аралар жабылганга чейин биз 6 миңден ашык мекендешибизди Кыргызстанга алып келдик. Азыр чек аралар жабык. Башка өлкөлөр сыяктуу эле, биз дагы, эң биринчи мүмкүнүчүлүк пайда болору менен алардын маселесин чечүүгө киришебиз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы мекендештер кырдаалды туура түшүнүп, сабырдуулукту сактап, жасалып жаткан иштерди колдойт деген ишенимин билдирди.

«Бирге болсок, ынтымакта болсок, бири-бирибизди колдосок, азыркы кыйын күндөрдөн тезирээк чыгабыз. Биримдикте мындай сыноонун эченин жеңген элбиз. Буйруса, Кудайдын колдоосу менен, элибиздин ынтымагы менен, чогуу аракетибиз менен бул илдетти да жеңебиз», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана кыргыз жергесине аманчылык, тынчтыкты каалады.

«Илдет чыккандан бери чет өлкөлөрдө иштеп жүрүп, үйгө кайтып келүүнү каалаган ар бир боордошубуздун абалын түшүнүп турам. Чек аралар жабылганга чейин биз 6 миңден ашык мекендешибизди Кыргызстанга алып келдик. Азыр чек аралар жабык. Башка өлкөлөр сыяктуу эле, биз дагы, эң биринчи мүмкүнүчүлүк пайда болору менен алардын маселесин чечүүгө киришебиз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы мекендештер кырдаалды туура түшүнүп, сабырдуулукту сактап, жасалып жаткан иштерди колдойт деген ишенимин билдирди.

«Бирге болсок, ынтымакта болсок, бири-бирибизди колдосок, азыркы кыйын күндөрдөн тезирээк чыгабыз. Биримдикте мындай сыноонун эченин жеңген элбиз. Буйруса, Кудайдын колдоосу менен, элибиздин ынтымагы менен, чогуу аракетибиз менен бул илдетти да жеңебиз», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана кыргыз жергесине аманчылык, тынчтыкты каалады.

Пикир

Оставить комментарий