• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков: Чек араны коргоодон өтөөр ыйык милдет жок

Президент 0

Бишкек, 28.05.19. /Кабар/. «Чек араны коргоодон өтөөр ыйык милдет жок», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, КР Куралдуу Күчтөрүнүн 27 жылдыгына жана КР Мамлекеттик чек ара кызматынын 20 жылдыгына арналган салтанатта.

Мамлекет башчысынын сөзү:

«Жолдош жоокерлер жана сержанттар, старшиналар жана прапорщиктер, офицерлер жана генералдар!

Урматтуу ардагерлер жана коноктор!

Бүгүн - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 20 жылдык мааракеси!

Эртеӊ Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөнүнө 27 жыл болот.

Сиздерди үзөнгүлөш келген ушул майрамыӊыздар менен куттуктайм!

Мамлекеттик чек ара кызматы 20 жылда татаал жана татыктуу жолду басып өттү.

Өлкөнүн сырткы чептерин коргоонун ишенимдүү кепили катары калыптанды.

Чек арачыларыбыз баатырдык барактарга толгон, өзүнүн сыймыктуу тарыхын жаратты.

Урматтуу чек арачылар!

Мекенибиз Сиздер коргоп турган чек арадан башталат.

Чек арачы болуу, Ата мекендин сырткы чегин коргоо – өтө татаал, бирок, өзгөчө сыймыктуу миссия.

Өз мекенине берилгендикти, кыраакылыкты жана эрдикти талап кылат.

Чек арадагы кызматтын басымдуу бөлүгү, географиялык оор шартта, ар кандай сырткы күчтөрдүн деструктивдүү аракеттери такай кайталанып турган заставаларда өтөт.

Мекен чегин жан аябай коргоого даяр болгон инсан гана чек арачы боло алат.

Ушул салтанаттуу датаны белгилеп жатып, чек арачылардын даӊазалуу тарыхын катардагы офицерлер жана жоокерлер жаратып жатканын белгилейбиз.

Бүгүн мекен алдындагы өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарып, баатырларча курман болгон 39 чек арачыны эскеребиз.

Террористтер менен болгон кармашта капитан ЫКЫШЕВ Курманбек,

Контрабандисттер менен кармашууда лейтенант ДУЙШЕНАЛИЕВ Канат,

Баткен окуяларында майор РАИМБЕКОВ Бейшенбек,

Нарын дарыясына чөгүп бараткан адамдарды сактоо учурунда майор ДАРЧИБАЕВ Талантбек,

Өз милдетин аткарууда каармандык көрсөтүү менен капитан ЖАНЫБЕКОВ Курманбек жана майор АБДЫЛДАЕВ Канат курман болушту.

Аталган офицерлердин ысымдары чек ара заставаларына ыйгарылды.

Бүгүн аты аталбай калган чек арачылардын элесине башыбызды ийип, таазим этебиз.

Ар кандай терроризм жана экстремизм коркунучтары болуп жаткан мезгилде чек араны коргоодон өтөөр ыйык милдет жок.

Мамлекеттик чек арабызга, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнө - учурда аскердик эмес, көбүнчө криминалдык жана экстремисттик-террористтик мүнөздөгү коркунучтар жаралып жатат.

Чек арада ар түрдүү деструктивдүү күчтөр мамлекеттүүлүгүбүздүн бекемдигин, чек арачылардын эркин текшерүүдө.

Өлкөбүздүн коопсуздугу үчүн, биринчи кезекте, чек арабыз бекем болушу зарыл.

Чек арачылар – мамлекеттин күзгүсү.

Чет өлкөдөн келген коноктордун, туристтердин биздин өлкө жөнүндөгү ой-пикири, биринчи кезекте, чек арачылар аркылуу жаралат.

Алардын сапаттуу жана сабаттуу иши - өлкөбүздүн имиджин жакшырат.

Сиздер Мекен алдындагы ыйык парзды татыктуу аткаруу менен элибиздин бейкут жашоосуна, тынчтыгына, жерибиздин бүтүндүгүнө, чек арабыздын бекемдигине зор салым кошуп жатасыздар.

Сиздер өмүрүңүздөрдү, тагдырыңыздарды ушул ыйык милдетке арнадыӊыздар.

Сиздердин өлкө алдындагы бийик кызматыңыздарга, мекенчилдигиңиздерге, ак ниет, ыйык парз менен аткарып жаткан ишиңиздерге чын дилимен ыраазылык билдирем!

Урматтуу жалпы Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматчылары!

Учурда биздин региондо - Борбордук Азияда, кырдаал абдан тез өзгөрүү динамикасына ээ.

Анын үстүнө, азыркы учурда дүйнөдөгү акыбал стабилдүү эмес жана чыңалуу абалы менен мүнөздөлөт.

Ресурстар үчүн атаандаштык, үстөмдүккө умтулуу, айрым идеологияны же динди таңуулоо - чыр-чатактарды жараткан факторлор болууда.

Дүйнөнүн булуң–бурчунда жаракат алгандар, качкындар, азап чеккендер аз эмес.

Маалыматтык чөйрөдө жана санарип мейкиндигинде да катуу карама- каршылыктар байкалууда.

Азыркы учур - регионалдык жана глобалдык тобокелдиктердин, чакырыктардын жана коркунучтардын комплекстүү мүнөзү менен айырмаланат.

Кыргызстан, ушундай татаал шартта, тынчтыкка багытталган саясаттын негизинде, өзүнүн мамлекеттүүлүгүн бекемдеп, улуттук кызыкчылыктарын коргоп келүүдө.

Мамлекеттин Куралдуу Күчтөрү – ушул саясаттын негизги таянычы болуп саналат.

Армия - жөнөкөй адамдардын тынч эмгегин жана өлкөнүн бакубаттыгын камсыз кылуунун кепилдиги.

Мындай миссияны - сапаттуу даярдыктагы жеке курамы жана жогорку квалификациялуу жетекчи кадрлары бар, мобилдүү, жакшы жабдылган армия гана аркалай алат.

Мамлекет үчүн - жалпы аскердик, анын ичинде чек ара коопсуздугун камсыз кылуу – эң маанилүү артыкчылыктардын бири.

Акыркы жылдардагы аскердик башкаруу системасын реформалоо - бир катар оң натыйжаларды берди.

Ар кандай аскердик күчтөрдүн жана бөлүктөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртты.

Чечимдердин ыкчамдыгына жана аскер кызматчылардын кесипкөй даярдалышына негиз болду.

Ошону менен катар, армиянын материалдык – техникалык жабдылышы жакшырды.

Азыр да Куралдуу Күчтөрдү заманбап курал – жарак, аскердик техника жана байланыш каражаттары менен жабдуу боюнча иш-чаралар жүзөгө ашып жатат.

Аримя атуучу курал-жарактын модернизацияланган үлгүлөрү, вертолеттор, абадан кол салуудан коргонуу каражаттары, автомобиль жана бронетанк техникалары менен камсыз болууда.

Куралдуу күчтөрдүн кол башчысы катары - аскер кызматчыларынын социалдык абалын жакшыртууну абдан маанилүү иш деп эсептейм.

Бул багыттагы иштер натыйжалуу жүрүп жатат.

Акыркы бир жарым жылда Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн 267 батирлүү 9 турак жай курулган.

Мунун ичинде Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчылары үчүн, ушул эле мезгилде курулган 96 батирлүү 4 үй бар.

Азыркы учурда аскер кызматчыларын турак жай менен камсыз кылуу улантылып жатат жана менин жеке көзөмөлүмдө турат.

Ушул жылы Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары үчүн 379 батирлүү 6 үйдүн курулушу жүрүп жатат.

Анын ичинде Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчылары үчүн 88 батирлүү 4 үй курулууда.

Заманбап инфраструктурасы бар аскер шаарчалары пайдаланууга берилүүдө, солдаттар үчүн казармалар, жаңы чек ара заставалары курулууда.

Республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша акчалай төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйүүдө.

Бүгүн аскер кызматынын кадыр-баркы калыбына келди деп ишенимдүү айтса болот.

Өз каалоосу менен аскер кызматына келген жаштар жылдан жылга көбөйүп жатат.

Жетишкендиктер көп, натыйжа жакшы.

Ошол эле учурда, коомчулукка, өсүп келе жаткан муунга - Куралдуу Күчтөрдүн кайсы багытта өнүгөөрүн жеткирүү зарыл.

Аскерди түзүүнүн жаңы стратегиясын жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуунун негиздерин, кечиктирбей, азыр жасоо керек.

Бул иште натыйжалуулук, мобилдүүлүк, башкаруунун жеңилдиги, өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээли, дайым даяр болуу принциптерин кармануу абзел.

Урматтуу мекендештерим!

Кыргызстан өзүнүн жана региондун коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөйт.

Биз ачык, туруктуу жана меймандос, экологиялык жактан таза мамлекет экенибизди билдиребиз.

Баарыбызды бир максат бириктирип турат – ал күчтүү жана гүлдөп-өнүккөн Кыргызстанды куруу.

Мында өзгөчө роль Куралдуу Күчтөргө таандык.

Алар Мекендин тиреги жана өлкөгө кызмат кылуунун ишенимдүү үлгүсү болот.

Дүйнөдөгү эң ыйык милдет – Мекенди коргоо.

Мамлекетибизди коргоп, элибиздин тынч жашоосун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн баардык күчтү жумшап, татыктуу кызмат өтөйсүздөр деп ишенем.

Өмүрүн аскердик кызматка арнаган жана өзүнүн бай тажрыйбасын жана аскердик салтты андан ары жаштарга эстафета кылып тапшырган ардагерлерибизге терең ыраазылык билдирем.

Оор шарттарга карабай, үйүңүздөрдүн очогун өчүрбөй, Сиздерге ишенимдүү тыл болгон - үй-бүлөңүздөргө рахмат айтабыз.

Аскердик милдетин аткарып жатып, өз өмүрүн берген 53 жоокер эч качан эстен чыкпайт.

Алардын элеси биздин жүрөктөрдө сакталат!

Урматтуу биздин аскер кызматкерлерибиз!

Баарыӊыздарды дагы бир ирет майрамыӊыздар менен куттуктайм!

Сиздерге жана жакындарыңыздарга тынчтык, бекем ден соолук, амандык каалайм.

Жооптуу милдетиӊиздерди аткарууда ийгиликтер арбын болсун.

Жараткан Кудай өзү колдоп, жерибизде дайыма тынчтык, элибизде ар дайым биримдик болсун!”

Пикир

Оставить комментарий