• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Чет жердеги мекендешибиздин ийгилиги – элибиздин ийгилиги

Президент 0

Бишкек, 02.08.19. /Кабар/. Учурда мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Кыргыз Республикасынын президентине караштуу чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кеңештин биринчи жыйыны өтүп жатат. Ага Кыргызстандын президенти Сооронай Жээнбеков төрагалык кылууда.

Президент жыйында ачып жатып ар бир мекендешибиздин чет жерде жүрүп жетишкен ийгилиги – элибиздин ийгилиги экендигин эске салды.

"Алыстагы мекендештерибиздин басымдуу көпчүлүгү – таман акы, маңдай тери менен өзү, үй-бүлөсү жана өлкөсү үчүн бакубат, жетишкен турмушту курууга умтулган адамдар. Кайда болсоңор да, силер көп улуттуу Кыргызстандын уул-кыздарысыңар", - деди мамлекет башчысы.

Ошондой эле президент чет жакта жүргөн мекендештерге кайрылып, күнүмдүк тиричилик менен гана алек болбой, улуттук дөөлөтүбүз болгон бай тарыхыбызды, маданий мурасыбызды жайылтууга салым кошуп жатканыңар үчүн ыраазылык билдирем деди.

Белгилей кетсек, жыйындын ишине Россиядан, Казакстандан, Катардан, Түштүк Кореядан, АКШдан, Украинадан, Бириккен Араб Эмираттарынан келишкен мекендештер катышууда. Жыйындын ишине онлайн ресурстары аркылуу катышуу да каралган.

Бүгүнкү жыйында миграциялык саясаттын Концепциясы, "Мекен-карт" демилгеси жана мекендештердин өлкөбүздү өнүктүрүүгө инвестициялоосу жана катышуусу үчүн экономикалык, финансылык инструменттерди түзүүгө багытталган "Мекеним" программасынын долбоору талкууланат.

Андан тышкары, миграциялык саясаттын башка маселелери да талкууланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий