• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Алдыңарга чоӊ максаттарды койгула, ошондо гана ийгилик болот

Президент 0

Бишкек, 26.12.18. /Кабар/. «Алдыңарга чоӊ максаттарды койгула. Аракет кылгыла. Ошондо гана ийгилик болот!», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-декабрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда республиканын бардык областтарынан келген балдар үчүн коюлган жаңы жылдык балаты майрамында.

Мамлекет башчысы балдар менен бирге жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган «Сыйкырдуу түш» аттуу театрлаштырылган оюн-зоок программасын көрдү. Анын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков каармандарынын бири менен тогуз-коргоол улуттук оюнун ойноду.

Оюн аяктагандан кийин Президент балдарды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, жаш кыргызстандыктарга баардык каалоо–тилектеринин орундалышын каалады.

«Ар дайым ден-соолугуңар чың болуп, бир туугандарыңар, досторуңар, ата-энеңер менен бактылуу болгула. Бийик максаттарга жеткиле! Намысты бек туткан, мекенди сүйгөн жаштардан болгула!

Бүгүн мен үчүн өзгөчө кубанычтуу күн! Силердин Жаӊы Жылдык маанайыңарды көрүп, кубанычым койнума батпай турат.

Азыр эле силер менен чогуу жаңы жылдык жомокту көрүп, абдан ыраазы болдум. Атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча коюлган уламышты көрдүк. Мага абдан жакты.

Билесиңер, быйыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгиледик. Бир гана Кыргызстан эмес, бүткүл дүйнө белгиледи. Силер да улуу ойчул, даанышман, акылман Чыңгыз атаңардай болуп, өз элиңердин атагын ааламга жеткирген инсан болуп өскүлө», — деп балдарга кайрылды Сооронбай Жээнбеков.

Ал оюнду койгон уюштуруучуларга жана өз талантын көрсөткөн жаш актёрлорго ыраазычылык билдирди.

Бүгүн залда окуунун мыктылары, олимпиадалардын, спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү, ар кандай ийгиликтин ээси болгон балдар отурганын белгилеп, Мамлекет башчысы аларга ийгилик каалап, алар менен сыймыктанып жатканын белгиледи.

«Силерди көрүп Кыргызстандын келечеги кеӊ экенин көрүп турам.

Мекенибиздин, мамлекетибиздин келечеги силердин колуңарда.

Силердин жакшы окуганыңар — бул Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымыңар. Силердей мыкты балдары бар өлкө — биздин Кыргызстаныбыз келечекте өнүккөн, баарыбыз сыймыктанган мамлекет болот», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти.

Сооронбай Жээнбеков балдарга эӊ жакшы билим алып, жакшы жүрүм-турум менен, досторуна үлгү болуп, ата-энелери, жалпы өлкө сыймыктанган уул-кыздардан болушун тиледи.

«Жараткан силерге жакшылыктарын берсин, турмуш жолуңар шыдыр болсун, ой-тилегиңерге жеткиле! Ден соолугуңар чын болсун, окууңарда да, спортто да, үйдө да ийгиликтер коштосун, бакты-таалайлуу болгула!», — деп сөзүн жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.

Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан өткөрүлгөн Жаңы жылдык балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан мектеп курагындагы 1100 окуучу чакырылган. Алардын арасында — окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар бар.

Пикир

Оставить комментарий