• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды

Президент 0

Бишкек, 11.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июнда улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовду эскерүү үчүн анын үй-музейине барып, жазуучунун жакындары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекеттик ишмер жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине багышталып куран окулду. Жазуучу 2008-жылдын 10-июнунда каза болгон.

Жазуучунун жубайы Мария Айтматова Президент Сооронбай Жээнбековду Кытайга мамлекеттик сапарынан кийин алардын үй-бүлөсүнө келгени үчүн ыраазычылык билдирип, Мамлекет башчысынын жазуучунун элесин сыйлаганы Айтматовдун үй-бүлөсү үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

Президент Чыңгыз Айтматовдун Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду өзгөчө экенин, ал ар дайым өз өлкөсүнө жана элине кызмат кылганын белгиледи. «Кыргызды дүйнөгө „Манас“, анан Чыңгыз Айтматов таанытты. Анын элесине таазим кылуу — менин адамдык милдетим», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мария Айтматова жана жазуучунун уулу Элдар Айтматов Мамлекет башчысына Айтматовдун музейин, анын кол жазмаларын көрсөтүштү. Президент жана жазуучунун жакындары Чыңгыз Айтматовдун жашоосу жана чыгармачылыгы жөнүндө баарлашып, эскеришти.

Мария Айтматованын айтымында, бул үйгө жазуучу 1986-жылы көчүп келген. Жазуучунун жакындары музейди өнүктүрүү, Айтматовдун элесин түбөлүккө сактоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып беришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун үй-музейиндеги эскерүү китебине жазуу калтырып, жазуучунун жакындары менен сүрөткө түштү.

Пикир

Оставить комментарий