• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков COVID-19 боюнча: Адистердин айтымында, оору жугузгандардын санынын көбөйүшү алдыда

Президент 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. «Дарыгерлерибиздин тынымсыз аракети менен бул оорудан айыккандар да бар экенин билесиздер. Бирок, илдетке чалдыккандардын саны өсүп жатат. Тилекке каршы, каза болгондор да бар. Адистердин айтымында, оору жугузгандардын санынын көбөйүшү алдыда. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынан көрүп жаткандай, оорулуулардын саны карантин киргизилгенден 35-40 күн өткөндөн кийин азая баштаган», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып.

Биздин адистердин анализи боюнча Кыргызстанда ооруга туш болгон учурлардын көбөйүүсү апрель айынын экинчи жарымына туура келет деп божомолдонуп жатат.

Мамлекет башчысы өлкөдө коронавирус илдетине байланыштуу кырдаал оңой эмес экенин белгиледи.

Президент коңшу мамлекеттерде жана бизге союздаш — карым-катышыбыз тыгыз өлкөлөр да өздөрүнүн аймагында өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартып жатышкандыгын айтты.

«Азыркы кырдаал боюнча Штабдын жетекчилеринен так маалымат алып, алардын сунуштарын уктум. Бул татаал учурдан чыгуунун жолдорун Жогорку Кеңештин төрагасы, Премьер-министр жана фракциялардын лидерлери менен чогуу талкууладык. Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана кесипкөй адистер менен кеңештим. Медициналык талаптардын сакталышы жана өз ара карым-катыш, байланыштардын кескин чектелүүсү — учурдагы кырдаалды көзөмөлдө кармоо үчүн туура кадам болгонун баары белгилешти», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий