• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков COVID-19га каршы күрөшүүгө көмөктөшүп жаткан ыктыярчылар менен жолукту

Президент 0


Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июлда коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүгө көмөктөшүп жаткан ыктыярчылар жана жарандык активисттер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, медицина кызматкерлерин колдоо чаралары, ооруканалардын медициналык каражаттар менен камсыздалышы, ыктыярчы уюмдар менен өз ара аракеттешүүнү күчөтүү жана башка маселелер боюнча пикир алышуу болду.

Жолугушууга Республикалык ыкчам штаб тарабынан ыктыярчылар менен өз ара аракеттешүү жана алардын ишин координациялоо боюнча ишмердик жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова жана Президенттин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчылардын эмгегин жогору баалоо менен аларга ыраазычылык билдирди. Ыктыярчылык ишмердүүлүктүн маанилүү элементи бир гана иш жүзүндө жардам берүү эмес, ар бир адамдын ички рухий сапаттарын тарбиялоо да болуп саналаарын кошумчалады.

Мамлекет башчысы менен баарлашууда ыктыярчылар мамлекеттик түзүмдөрдүн ыктыярчылар менен өз ара аракеттешүүсүн координациялоо начар болгонун белгилешти. Ыктыярчылардын макамын мыйзамдык жактан бекитүү сунушу менен чыгышты.

Ыктыярчыларды жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу зарылдыгын белгилешти. Пандемия күчөп турган маалда иштеген ыктыярчыларга автонуаалары менен бейтаптарды ооруканаларга ташыган жана башка жардам берген жарандарды «Коопсуз шаар» алкагындагы айыппулдардан бошотууну сунушташты.

Алар бүгүнкү күнгө чейин илдет жуктуруп алган медиктерге кенемтелер жана кошумча төлөмдөр бериле электигине көңүл бурушту. Өтө кооптуу участоктордо иштеген медицина кызматкерлерин реабилитациялоо, жаңы ооруканаларды куруу, дарыгерлерге кенемте төлөөнүн так системасын иштеп чыгуу зарылдыгы айтылды.

Жогорку окуу жайларда эпидемиологдорду, инфекционисттерди даярдоо боюнча факультеттерди көбөйтүүнүн маанисин баса белгилешти.

Аймактарда «тез жардам» автоунаасынын жоктугуна, коронавирус инфекциясына анализ алуу үчүн ПЧР-тесттердин жеткиликсиздигине, медиктердин жетишсиздигине, заманбап медициналык мекемелердин жоктугуна, дарыканалардын жетишсиздигине, аймактардагы медиктердин коронавирусту дарылоо ыкмалары тууралуу маалыматтарынын аздыгына көңүл бурушту. Жолугушуунун катышуучулары дары-дармектерди жана медициналык аппараттарды бажыдан өткөрүү көйгөйлөрүнө, дары-дармектерге салык салуу маселесине токтолушту.

Мындан сырткары, күн сууктаган маалга жана пандемиянын экинчи толкуну ыктымалына өз маалында даярдык көрүүнүн, анын ичинде күзгү, кышкы мезгилге күндүзгү жана түнкү стационарлар иштебестигинен улам жаңы ооруканаларды куруунун, имараттарды медициналык мекеме катары профилин өзгөртүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Тартылган каражаттарды пайдалануу тууралуу толук кандуу маалыматты онлайн-форматта берүү зарылдыгын баса белгилеп, келип жаткан жардамдардын натыйжалуу бөлүштүрүлбөй жатканына көңүл бурушту.

Бул маселени чечүү үчүн санарип карта түзүүнү сунуш кылышты.

Мындан аркы кырдаалды божомолдоону, чет өлкөлөрдөн гранттык каражаттарды тартууну улантуунун маанисин белгилешти.

Ыктыярчылар пневмониядан каза болгондорду жерге берүү боюнча бирдей алгоритм жоктугун айтышты.

Жолугушуунун катышуучулары экономиканы калыбына келтирип, аны өнүктүрүү менен бирге калкка психологиялык колдоо керектигин белгилешти. Көйгөйлөрүн ачык жарыялаган дарыгерлерге, ыктыярчыларга, жарандык активисттерге жана журналисттерге карата жасалган кысымга көңүл бурушту.

Ошондой эле азыр көп жарандар киреше таппай жаткан убакта банктардан алган насыяларды төлөөнү кийинкиге жылдыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунушташты.

Коронавирус менен катар эле башка ооруларды да, айрыкча онкологиялык оорулар тууралуу унутпоо керектигин айтышты.

Ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан жеке коргонуучу каражаттарды кымбат баада сатып алган учурлар болгонун баса белгилешти.

Президент бул боюнча иш козголгонун жана март айында эле Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка тиешелүү тапшырма берилгенин эске салды.

Жолугушууда ооруканалардын биринин башкы дарыгери беткап түрүндө келген жардамды кызматкерлерине таратпай койгон фактылар болгону тууралуу айтылды.

Мындан сырткары, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жаткан аялдардын көйгөйү белгиленди.

Катышуучулар аймактарда иштеп жаткан ыктыярчылар менен онлайн-жолугушуу өткөрүүнү сунушташты.

Президент Сооронбай Жээнбеков көтөрүлгөн маселелер боюнча өзүнүн пикирин айтып, алардын кээ бирлерин чечүү үчүн убакыт талап кылынарын, ал эми көпчүлүгү ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Мисалы, ооруканаларды куруу боюнча Өкмөт ишти баштаган, ал боюнча инвесторлор тартылат. Бүгүнкү күндөн тарта Республикалык штаб дарыгерлерди реабилитациялоо үчүн Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттарга жөнөтө баштайт.

Мамлекет башчысы бул жолугушуунун эң негизги жетишкендиги катары диалогдун ишке ашкандыгын атап, бул сөзсүз түрдө натыйжа берерин айтты.

Президент көтөрүлгөн маселелерди мындан да кененирээк талкуулоо үчүн ыктыярдуу кыймылдардын өкүлдөрү менен онлайн форматта кеңири жолугушуу уюштуруларын, анткени ыктыярчылар кыймылы өзгөчө пандемия учурунда өзүн жакшы көрсөтө алган чоң күчкө ээ экендигин белгиледи.

Эпидемиологиялык кырдаал турукташкан соң өлкөнүн бардык булуң-бурчундагы ыктыярчылардын катышуусу менен республикалык форум уюштуруларын кошумчалады.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев жалпы иш-аракеттерди координациялоо үчүн ыктыярчылар менен үзгүлтүксүз байланышта болорун белгиледи.

Мурда белгиленгендей, айтылган маселелердин аткарылышын көзөмөлгө алуу үчүн тиешелүү иш-чаралардын планы түзүлөрүн билдирди.

Жолугушуу суроо-жооп тартибинде өттү. Катышуучулар суроолорду оозеки беришти жана кагаз түрүндө дагы тапшырышты.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга төмөнкү ыктыярчылар катышты:

— Тольбаев Бабур — меценат, «Мөл Булак Финанс» микрокредиттик компаниясынын жетекчиси;

— Шабданов Элдар -"Бирге« аттуу ыктыярдуу жардам боюнча координациялык борборунун өкүлү;

— Алтымышев Тынчтык — журналист, „Элден элге“, „Элдик медиктер“ ыктыярчы кыймылдарынын координатору;

— Гребнева (Даник) Наталья — „Руки любви“ коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү жана төрайымы;

— Жамгырчиева Айзада — журналист, теле алып баруучу;

— Кайратова Анжелика — меценат, коомдук ишмер, ырчы;

— Насыкулов Урмат — „Биз барбыз“ штабынын жетекчиси;

— Рыскулбеков Эркин — „Элим барсыңбы“ ыктыярчылар бирикмесинин өкүлү;

— Усубалиева Бермет — Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым ай улуттук коомунун өкүлү;

— Чолпонбаева Нуриля — „Поколение Best!“ коомдук бирикмесинин төрайымы;

— Муртазалиев Абдурахманхаджи — спортчу, ыктыярчы;

— Алмаз уулу Аскар — жаштардын демилгелүү тобунун өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий