• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков UFCнин чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушту – фото

Президент 0

Бишкек. 08.04.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-апрелде, UFC версиясынын аралаш күрөшүү боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушту.

Жолугушууга ошондой эле анын машыктыруучусу Павел Федотов, «Кулатуу Эртаймаш ММА» Дүйнөлүк федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жана Валентина Шевченконун апасы — Елена Шевченко катышты.

Мамлекет башчысы меймандарды жылуу кабыл алып, Валентинаны жеңиши менен жана аялдардын эң жеңил салмагында чемпиондук курду жеңип алышы менен куттуктады.

Жээнбеков машыктыруучу Павел Федотовго спортчуларды даярдоо чеберчилигинин эң жогорку деңгээли, туруктуулугу, машыктыруучулук таланты жана өз тарбиялануучуларына терең ишенгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Өзгөчө ыраазычылыкты Кыргызстанга дүйнөнүн көп жолку чемпионкасын тартуулап, өз колдоосу жана ишеними менен спорт дүйнөсүндөгү жеңиштердин туу чокусуна жеткирген апасы Елена Шевченкого билдирди.

«Бүт өлкө, биздин жүз миңдеген жарандар сиздин спорттук ийгиликтериңерге тынымсыз байкоо салып, жалындуу күйөрман болушууда. Таза жана татаал күрөштө жеңген медалдарыңар биздин көп улуттуу өлкө үчүн өзгөчө баалуу. Мунун артында көп жылдык эмгек турат. Алдыга коюлган милдетти аткардыңар, Кыргызстаныбыздын намысын коргодуңар. Келечекте мындан да чоң ийиликтерге жетишип, бүт дүйнөгө спорттогу эң мыкты жетишкендиктерди көрсөтөсүз деген ишенимдебиз!», — деп белгиледи Жээнбеков, спортчуга кайрылып.

Валентина Шевченко Жээнбековго жана бардык кыргызстандыктарга колдоосу жана жылуу тосуп алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, кайда гана болбосун ар дайым күч-кубат жана жеңишке болгон ишеним берип турган мекендештердин жалындуу колдоосун сезип турганын белгиледи.

Мекенге, өзгөчө Кыргызстандын бермети Ысык-Көлгө болгон сүйүүсү дайым анын жүрөгүндө орун алганын баса белгиледи.

Жээнбеков Валентина Шевченкону жыл сайын Ысык-Көлгө машыгуу үчүн келүүгө чакырды жана спорттук ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди, бекем ден соолук, бакубаттык каалады.

Мамлекет башчысы Валентина Шевченкону «Даңк» ордени менен сыйлады, Павел Федотовго «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» ардактуу наамы ыйгарылды, Руслан Кыдырмышев жана Елена Шевченко Кыргыз Республикасынын энчилүү сааттары менен сыйланышты.

Коноктор Мамлекет башчысына символикалуу белектерди тапшырышты, алардын бирине — кол капка Жээнбеков автограф калтырды.

Пикир

Оставить комментарий