• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Дүйнө элдерине кыргызды Манас атабыз кандай таанытса, Айтматов дагы дал ошондой таанытты

Президент 0

Бишкек, 03.11.18. /Кабар/. "Дүйнө элдерине кыргызды Манас атабыз кандай таанытса, Чынгыз Айтматов дагы дал ошондой таанытты. Ал кыргызды өз чыгармачылыгы жана кадыр-баркы менен дүйнөгө таанытты», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-ноябрда Ош облустук ат майданында өтүп жаткан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көк-бөрү боюнча финалдык оюндардын ачылышында.

Мамлекет башчысы залкар жазуучу, планетардык инсан, улуу ойчул, философ, гуманист Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Ордолуу Ош — Айтматовдун тагдырында» аттуу иш-чаралар Ош областында өтүп жатканын белгиледи.

»Чынгыз Айтматовдун 90-жылдык мааракесин бүт дүйнө жүзү белгиледи. Дүйнөдө Шекспир менен Толстойдон кийин чыгармалары эң көп окулган улуу жазуучунун юбилейлик мааракесинин Ош жергесинде чоң салтанат менен белгиленип жатышы бекеринен эмес. Күнөстүү Ош менен Айтматовдордун тагдыры да, үй-бүлөлүк тарыхы да бекем байланышкан. Байыркы Оштун көчөлөрүндө, Ак-Бууранын боюнда Чыңгыз Айтматовдун алтын балалыгы калган. Анын атасы Төрөкул Айтматовдун эмгек жолу Оштон башталган», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Чыңгыз Айтматовдой болгон инсандар Кыргызстандан дагы көп чыксын деген ниетин билдирип, көк-бөрү боюнча финалдык оюнда күчтүүлөр жана шамдагайлардын жеңишин каалады.

»Күч атасын тааныбайт» дегендей, эң күчтүү эр-азаматтардан турган команда жеңсин! Байгелүү болгула! Журтубузда ынтымак жана биримдик болсо, улуу максаттарга жетебиз!», — деп Президент Сооронбай Жээнбеков каалоо-тилегин айтты.

Эске салсак, Ош областында «Ош — Чыңгыз Айтматовдун тагдырында» аттуу улуу жазуучунун 90 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында 2018-жылдын 29-октябынан бери улуттук ат оюндары өтүп жатат жана анын ичинде көк-бөрү боюнча финалдык оюндар дагы өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий