• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук берүү — биздин башкы милдет

Президент 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. Дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук берүү — биздин башкы милдет, - деп билдирди Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков парламентте сүйлөп жатып.

Руханий биримдикти чыңдоо менен, бир эл, бир улут катары келечекке багыт алуубуз эң зарыл деп эсептейм, -деди.

"Ушундай шартта биздин өлкөдө Кыргыздар — көп улуттуу элибиздин биримдигин бекемдеген, ынтымагын арттырган мамлекетибиздин уюткулуу өзөгү болуп кала берет. Дүйнөлүк ар кыл коркунучтарга, руханий экспансияга билимибиз, маданиятыбыз, улуттук баалуулуктарыбыз менен туруштук беребиз", - деди президент.

Жээнбеков кошумчалагандай, ал үчүн өлкө ичиндеги процесстер менен чектелбей, дүйнөлүк тенденцияларга көз чаптырып гана тим болбостон, аларды өздөштүрүп, келечек пландарыбызды такташыбыз абзел.

Пикир

Оставить комментарий