• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Дүйнөлүк банктын БА боюнча аймактык директору Бурунчукту кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Лилия Бурунчукту кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушууга Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар дагы катышты.

Кыргызстандын Дүйнөлүк банк менен кызматташтыгынын актуалдуу багыттары жана келечеги боюнча пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы Дүйнөлүк банк өлкөнүн инвестициялык климатты, социалдык чөйрөнү, экономиканын алдыңкы тармактарын, анын ичинде энергетика, транспорт, санариптештирүү, билим берүү жана социалдык объектилерди куруу чөйрөлөрүн жакшыртуу боюнча олуттуу колдоо көрсөтүп келаткан стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири болуп эсептелерин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үчүн стратегиялык максаттар менен алдыдагы реформаларды ишке ашырууда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу абдан маанилүү экенин билдирди.

Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук 2019-2022-жылдарга карата өнөктөштүк боюнча рамкалык программанын алкагында Кыргызстан менен кызматташуу улана тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле ал Банк тарабынан коронавирус менен күрөшүүдө өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам Фондун түзүү мерчемделип жатканын маалымдап, бул багытта Кыргызстан менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырууга даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий