• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Дүйнөлүк банктын КРдагы өкүлү Болормаа Амгаабазар менен жолукту

Президент 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-августта, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар менен өлкөдөгү анын миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Мамлекет башчысы Болормаа Амгаабазарга Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү катары жигердүү жана жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, анын Кыргызстандын социалдык-экономикалык дараметин бекемдөөдөгү, айрыкча, өлкөдөгү коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу кризистик мезгилдеги жеке салымын белгиледи.

«Сиз Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө сезилерлик салым коштуңуз. Аймактарды өнүктүрүүгө, өлкөнү санариптештирүүгө, инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга жана балдарды колдоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын стратегиялык демилгелерин колдогонуңуз үчүн өзүнчө ыраазычылык билдирем», — деп белгиледи Президент.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы жакырчылыкты азайтууда жана социалдык курч көйгөйлөрдү чечүүдө Дүйнөлүк банктын ордун жогору баалады.

Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын калкы үчүн маанилүү болгон «Таза суу» жана ирригация түйүндөрүн жакшыртуу программаларынын алкагындагы долбоорлор, ошондой эле инфратүзүмдөрдү жана өлкөнүн энергетикалык потенциалын өркүндөтүүгө багытталган долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү кызматындагы Болормаа Амгаабазардын сиңирген эмгегин эске алуу менен Президент ага мамлекеттик сыйлык — Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын тапшырды.

Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар колдоо жана кызматташуу үчүн ыраазычылыгын айтып, Кыргызстандагы өзүнүн миссиясын өтөгөн мезгилде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда колдоо таап, өлкө жетекчилиги менен жемиштүү кызматташканын белгиледи.

«Кыргызстандагы ишмердүүлүгүм учурунда биз биргелешип 20га жакын долбоорду аягына чыгардык. Мага бул жерде иштөө абдан ыңгайлуу болду, себеби Кыргызстан көп жагынан менин мекеним — Монголияга окшош. Мен Кыргызстанга сөзсүз кайтып келем», — деп айтты Болормаа Амгаабазар.

Ошондой эле ал ишке ашырылуусу Кыргызстанга пайда келтире турган үч жаңы долбоорду ратификациялоого көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков Болормаа Амгаабазарды Дүйнөлүк банктын Индонезиядагы кеңсесине жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, мындан ары жигердүү кызматташууга үмүт артаарын билдирди.

Маалымат үчүн: Болормаа Амгаабазар Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүн 2017-жылдын августунан тартып, 2020-жылдын августуна чейин башкарган.

Болормаа Амгаабазардын жетекчилиги астында 2019-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүктүн алкактык программасы даярдалган, жалпы суммасы 442,2 млн АКШ долларын түзгөн 13 инвестициялык долбоор Аткаруучу директорлор кеңеши тарабынан даярдалган жана жактырылган. Аталган сумманын 21,2 млн АКШ доллары COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү үчүн чукул жардам катары берилген.

Болормаа Амгаабазар ошондой эле Кыргызстан менен донор коомчулугунун ортосунда активдүү өнөктөштүктү орнотууда 2019-жылдын ноябрь айындагы Жогорку деңгээлдеги донордук форум учурунда донорлор тарабынан теңтөрайымдардын бири катары маанилүү ролду ойногон.

Пикир

Оставить комментарий