• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков: Биз ЕАЭБ алкагында коронавируска жана анын кесепеттерине биргелешип каршы туруу үчүн иш-аракеттерди бириктирүүгө тийишпиз

Президент 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. «Дал ушул мезгилде ЕАЭБ алкагында, биз бул пандемияга жана анын кесепеттерине биргелешип каршы туруу үчүн иш-аракеттерди бириктирүүгө тийишпиз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңешинин (ЖЕЭК) мүчөлөрүнүн видеоконференция форматындагы жумушчу жыйынында. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын жайылышынын шартында ЕАЭБдин алкагында биргелешкен күч-аракеттерди бириктирүүгө багытталган бир катар чараларды сунуш кылды.

Азыркыдай жалпы обочолонуу жана чек араларды жабууга мажбур болуу шарттарында гуманитардык жүктөрдү, биринчи зарылдыктагы азык-түлүк товарларын жана медициналык багыттагы продукцияны үзгүлтүксүз жеткирип турууга мүмкүндүк берүүчү өлкөлөрүбүздүн ортосунда тийиштүү алгоритми бар «жашыл коридорлорду» уюштуруу зарылдыгын баса белгиледи. Өлкөлөр ортосунда эч кандай тоскоолдуксуз өткөрүлүп келе турган товарлардын тизмесин аныктоону сунуш кылды.

Ошондой эле бизнеске бюджеттик жана салыктык жактан дем берүүгө багытталган комплекстүү биргелешкен чараларды көрүү зарылдыгын баса белгиледи.

«Өлкөлөрүбүздүн экономикасы үчүн Евразия өнүгүү банкы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү банкына өзгөчө маани берилиши керек. Азыркы шартта бул түзүмдөрдүн ишин кайрадан ориентация кылуу зарыл. Фонддун ишинин айрым принциптерин кайра карап чыгууга убакыт келди деп эсептейм. Кризис учурунда бюджеттик колдоо көрсөтүү үчүн бериле турган насыяларды кароо мөөнөттөрүн кыскартуу зарыл. Гранттык негизде каржылоонун үлүшү да көбөйтүлүшү керек», - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Евразия өнүктүрүү банкы чакан жана орто бизнести колдоонун жаңы механизмдерин иштеп чыгууда маанилүү роль ойной алаарын кошумчалады.

Биринчи кезекте, Банк алгачкы зарылдыктагы медициналык жана азык-түлүк продукциясын даярдоо боюнча ишканаларды ыкчам каржылоого тийиш экенин баса белгиледи. Өз ара колдоо көрсөтүү катары, аталган каржы институттарынын ресурстарын Биримдикке мүчө өлкөлөрдү айыл чарба продукциясы менен камсыздоо үчүн багыттоого даяр экендигин билдирди.

Мындан сырткары, Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн экономикаларына зарыл болгон ресурстарды, анын ичинде чакан жана орто бизнеске жеңилдетилген насыя берүү, каржылоонун тийиштүү механизмдерин токтоосуз түрдө иштеп чыгып, аларды ишке ашырууну баштоо үчүн улуттук банктар менен каржы секторунун дараметин колдоого алуу маанилүү экенин билдирди.

Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков жагдайга ыкчам жооп кайтаруу максатында Биримдиктин медициналык кызматтарынын биргелешкен ишмердигин уюштурууну сунуш кылды.

«Европа экономикалык комиссиясы тарабынан медициналык буюмдарды ташып кирүүгө болгон бажы төлөмдөрүн нөлгө теңөө боюнча чаралар көрүлүшү зарыл деп эсептейбиз. Ошондой эле Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого арналган социалдык маанидеги товарларга карата да ушундай эле чаралар көрүлүшү максатка ылайык жана өз убагында аткарылган милдет болуп калмак», — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков көп сандаган жарандар ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн аймагында жашап-иштеп келе жатканын жана пандемия шартында алардын оор турмуштук жагдайларга дуушар болгондору да жок эмес экенин белгиледи. Ал бүгүнкүдөй кыйын мезгилде ЕАЭБдин бардык жарандары үчүн социалдык жана медициналык колдоонун бирдиктүү механизмин кабыл алууну сунуштады.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда бул илдеттин андан ары жайылып кетишине бөгөт коюу боюнча бардык зарыл болгон чаралар көрүлүп жаткандыгын кошумчалады. Ошону менен катар экономикалык тобокелдиктерди болушунча азайтуу боюнча көйгөйлөрдү да чечүүгө тийишпиз.

«Ушу кезде социалдык, соода-экономикалык жана миграция чөйрөлөрүндө кыйынчылыктарга дуушар болуудабыз. Башка өлкөлөрдө чек араларды жабуу боюнча көрүлгөн чаралар тышкы соодага, демек бюджетибиздин кирешесине таасирин тийгизди. 2020-жылдын биринчи кварталында үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга импорттолгон товарлардын көлөмү 39% азайган. Биз мындай терс тенденция мындан ары да улана тургандыгын түшүнүп турабыз. Былтыркы жылга салыштырмалуу, өлкөнүн бюджетине келип түшүүчү бажы төлөмдөрү дээрлик 40% төмөндөдү. Тилекке каршы, чакан жана орто бизнестин активдүүлүгүнүн төмөндөшү өлкө бюджетине келип түшүүчү төлөмдөрдүн дагы азайышына алып келет. Натыйжада, биздин божомол боюнча, ушул жылдын аягына карата мамлекеттин бюджетине келип түшүүлөрдүн көлөмү 25%дын тегерегинде кыскарышы күтүлүүдө», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков ЕврАзЭБдин келишим-укуктук базасы пандемиянын мүчө мамлекеттердин экономикасына, ошондой эле жарандарыбыздын ден соолугу менен жашоо-турмушуна тийгизген кесепеттерин болушунча төмөндөтүү боюнча чараларды көрүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи.

«Чектөө чаралары биздин Биримдиктин ичиндеги „экономикалык обочолонууга“ айланбашы керек. ЕврАзЭБдин бирдиктүү рыногу тоскоолдуктарсыз, чектөөлөрсүз жана алып коюуларсыз иштөөгө тийиш. Товарларды экспорттоого же импорттоого чектөөлөрдү киргизүү — үчүнчү өлкөлөргө карата гана жөндүү болот. Биздин Биримдик алкагындагы элдерибизди негизги азык-түлүк товарлары менен камсыздоо үчүн бардык мүмкүнчүлүк бар. ЕАЭБ ичинде социалдык маанидеги товарларды өз ара соодалоого чектөөлөр киргизилбеши керек», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы Россия Федерациясы менен Казакстан Республикасынын Президенттерине миграциялык колдоосу жана Кыргызстандын жарандарынын Мекенине кайтып келүүсүнө көмөктөшкөнү үчүн, ошондой эле Россия Федерациясына медициналык тест-системаларды берип, Евразия Фондунун алкагында ата мекендик саламаттыкты сактоо системасына каржылык жардам көрсөтүү жөнүндө чечими үчүн үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Азыркы жагдай жалпы Биримдик үчүн чоң сыноо болуп турат. Пандемияны жеңип чыгуу үчүн өлкөлөрүбүздүн биргелешкен аракетинин негизинде жалпы чаралар көрүлөт деп ишенем», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий