• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков дарыгерлер менен мугалимдердин айлыгы көтөрүлө тургандыгын айтты

Президент 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. "2011-жылдан бери көтөрүлбөй келаткан медиктердин айлыгын былтыр үй-бүлөлүк врачтарга жогорулатканбыз. Быйыл башка адистиктеги медициналык кызматкерлердин айлыгын жогорулатууну караштырып жатабыз". Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Ошондой эле мамлекет башчысы мектеп мугалимдеринин айлык акысын күзүндө, жаңы окуу жылынан кечиктирбей көбөйтөбүз, - деди.

"Премьер-министрдин да сунуштары бар, Өкмөт азыр эсебин чыгарып жатат.Буйруса мектептеги агай-эжелерибиз жаны окуу жылын жаңы айлык маяна менен баштайт. Министрлик, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик органдардагы жаш адистердин да айлыгы төмөн", - деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы алардын да айлыгы этап-этабы менен көбөйөт деп ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий