• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берген коомдук уюмдарга каражат бөлдү

Президент 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фондунан Эл аралык майыптар күнүнө карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга инклюзивдик билим берүүнү илгерилетүүнүн алкагында реабилитациялык жана социалдык адаптация боюнча жардам берген коомдук уюмдарга финансылык колдоо көрсөтүү үчүн 2 300 000 (эки миллион үч жүз миң) сом бөлүнүп берилди.

Мындай чечим ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын инсандык сапаттарын өркүндөтүү жана инклюзивдик билим берүүнү илгерилетүүнүн алкагында реабилитациялык жана социалдык адаптациялоо боюнча иштерди жана демилгелерди колдоо максатында кабыл алынды.

Буйрукка ылайык, республиканын бардык региондорундагы 23 коомдук мекемеге ар бирине 100 000 сомдон каражат бөлүндү.

Белгилей кетсек, өлкөнүн бардык региондорундагы интернаттарга альтернативдүү социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдарга акча каражаты биринчи жолу бөлүнүүдө.

Төмөндө инклюзивдик билим берүүнү илгерилетүүнүн алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берген жана реабилитациялык кызмат көрсөткөн коомдук уюмдардын тизмеси:

1) «АРДИ» майып балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмеси;

2) «Үмүт-Надежда» балдардын реабилитациялык борбору коомдук бирикмеси;

3) «Оберег» Реабилитациялык борбору» коомдук бирикмеси;

4) «Развитие» угуу-сүйлөө борбору» коомдук уюму;

5) «АПЛИФТ» коомдук фонду;

6) «Ардак Ордо» коомдук кайрымдуулук фонду;

7) «Асыл-ай» мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдук уюму;

8) «Алый апа» коомдук бирикмеси;

9) «Айназир» коомдук бирикмеси;

10) «Бекнур» майып балдардын ата-энелеринин коомдук уюму;

11) «Бекен» коомдук бирикмеси;

12) «Колдоо» балдардын реабилитациялык борбору;

13) «Нур» балдардын реабилитациялык борбору;

14) «Кол — сунам» коомдук бирикмеси;

15) «Луч солнца» коомдук фонду;

16) «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фонду;

17) «Рука в руке» коомдук бирикмеси;

18) «Смайл KG» коомдук фонду;

19) «Майып балдардын жалгыз бой энелеринин «Эне эмгеги» коомдук кайрымдуулук фонду;

20) «Явна» балдардын кайрымдуулук фонду;

21) «Цефей» коомдук бирикмеси;

22) «Интеграция» ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо коомдук фонду;

23) «Тоо-булбулу» ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын күндүзгү реабилитациялык борбору.

Пикир

Оставить комментарий