• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Digital CASA — КР долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялады

Президент 0

Бишкек, 26.01.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну („Digital CASA — Кыргыз Республикасы“ долбоору) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 27-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам 2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн мамлекеттик ички жол-жоболорду «Кыргыз Республикасындагы эл аралык келишимдер тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аткаруу максатында кабыл алынган.

«Digital CASA — Кыргыз Республикасы» долбоорунун максаты жеке сектордун инвестицияларын инфраструктурага тартуу жана мамлекеттик саясат менен ченемдик укуктук базаны жөнгө салууну өркүндөтүү аркылуу Борбордук Азиянын кургактык менен курчалган жана Түштүк Азия аймактарындагы өлкөлөрүндө Интернет тармагына кеңири тилкедеги жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн региондук жана трансчекаралык мамилелерди киргизүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий