• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Динге карата мамиле — ар бир адамдын жеке иши

Президент 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда «Ислам азыркы светтик мамлекетте» II эл аралык конференциясында сөз сүйлөп жатып өлкөдөгү диндин ролу тууралуу айтып өттү.

Дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген делегаттардын алдына чыгып сөз сүйлөп жатып мамлекет башчысы билдиргендей, өлкөбүздө диний чөйрөгө толук эркиндик берилип, көп конфессиялуу мейкиндик калыптанды.

"Конфессиялар жана диний уюмдар эркин өнүгүү багытына түштү. Мамлекет конфессионалдык мамилелерге киришкен жок. Кыргызстан көп улуттуу жана көп диндүү өлкө катары калыптанды. Коомдун жана мамлекеттин турмушуна диндин тийгизген таасиринин жакшы жактары көп болду. Ал жарандарды интеграциялоонун кошумча институту болуп калды", - деп билдирди Жээнбеков.

Президент билдиргендей, ошол эле учурда, берилген эркиндиктердин арты менен, көп сандаган жаңы агымдар, секталар, мазхабдар жана тарикаттар пайда болду. Алардын түпкү максаттары коом үчүн бүдөмүк бойдон калды.

"Айрым уюмдар жана кыймылдар динди саясатташтыруу аракеттерин жасап жатканына да күбө болуп жатабыз. Диндин коомдогу ролун, тарбиялык, ыймандык, адамдарды бириктирүүчүлүк асыл сапаттары айтылбай, ислам динине тиешеси жок нерселерди, догмаларды жабыштырган учурлар аз эмес. Исламды жамынып алып, кыргыз элине өзүнүн салттарын, маданиятын киргизүүнү көздөп жаткандар да бар. Жаштарды заманбап билимден, маданияттан, илимдин жана техниканын жетишкендиктеринен алыстатып жаткандар да жок эмес. Жалпы Борбор Азия регионунда болуп жаткан окуялар, айрым группалардын таасири биздин өлкөгө да жетип жатат. Исламды өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланууга, аны зордук-зомбулуктун, экстремизмдин куралына айландырууга жасаган аракеттердин курмандыгы болгон айрым жарандарыбыз бар", - деди мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий