• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков дипмиссиясынын аяктаганына байланыштуу Кытайдын элчисин кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 12.02.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-февралда, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Туруктуу жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сяо Цинхуаны өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап эки тараптуу кызматташууга жана көп тармактуу стратегиялык өнөктөштүккө абдан чоң маани берерин белгиледи.

«Биз урматтуу Си Цзиньпин менен болгон достукту жана эки өлкө элдеринин ортосундагы достукту баалайбыз. 2019-жыл кыргыз-кытай мамилелериндеги маңыздуу жылдардан болот. Биз бир катар иш-чараларды өткөргөнү жатабыз — алардын эң маанилүүсү КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик визити менен келиши жана Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында ШКУга мүчө мамлекеттердин Саммити», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал КЭРдин Төрагасынын Кыргызстанга боло турган мамлекеттик визити жана ШКУнун Саммити жогорку деңгээлде өтүп, эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерге жаңы дем берерине ишеним билдирди.

Элчи Сяо Цинхуа Кыргызстанда иштеген жылдары өлкөнү жана анын элин, салт-санаасын жылуу кабыл алганын белгилеп, КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин эң жакшы каалоо-тилектерин билдирди.

«2018-жылы сиз КЭРге ийгиликтүү мамлекеттик визит менен барып келгенсиз. Эки мамлекеттин башчылары өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн так багытын бердиңиздер. Сиз дайым Кытайга көңүл буруп, колдоо сөздөрүн айтып келесиз. Кытай келечектүү, туруктуу өнүгүүнү колдойт, ар дайым Кыргызстандын досу жана узак мөөнөттүү өнөктөшү болуп кала берет», — деп айтты Сяо Цинхуа.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Туруктуу жана Ыйгарым укуктуу Элчи Сяо Цинхуа Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, региондор аралык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү маселелери боюнча да пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий