• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын Директорлор кеңешинин төрагасы менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 12.12.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда, Дубай шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын (СӨЖП) Директорлор кеңешинин төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча чаралар тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчы Мажид Саиф Аль-Гурейрдин атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

Кыргыз-эмират кызматташтыгын бекемдөө үчүн соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү керектигин белгиледи.

Президент өлкөлөрдүн пайдаланылбай жаткан экономикалык чоң мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи. Дубайдын СӨЖП аянтчасында Кыргызстан жана БАЭнын кызыкчылыгына жооп берген стратегиялык багыттарга көңүл бурууну сунуштады. Сооронбай Жээнбеков артыкчылыктуу багыттар катары эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү, соода-логистикалык борборлорду куруу, жашыл экономика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарбасы, азык-түлүк коопсуздугу, санариптештирүү, заманбап технологияларды өздөштүрүү, тоо-кен өнөр жайы, туризм, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнү атады.

Жээнбеков тажрыйба алмашуу ар кандай биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүп, эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө кызмат кыларына жана эки өлкөнүн жарандарына пайда алып келерине ишеним билдирди. Дубай шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын Директорлор кеңешинин төрагасын Кыргызстанга визит менен келүүгө чакырды.

Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын Директорлор кеңешинин төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр президент Сооронбай Жээнбековдун визит менен келгенине кубанычтуу экенин белгиледи.

Ал, БАЭ президенти Халифа ибн Заид Аль Нахайян жана өлкө жетекчилиги Кыргызстан менен кызматташууга көңүл бөлөрүн жана БАЭ бизнес чөйрөсүн Борбордук Азия өлкөлөрү менен активдүү кызматташууга чакырарын белгиледи.

Ал Дубай СӨЖПнын Бакуда (Азербайжан) өкүлчүлүгү бар экенин жана тажрыйба алмашуу үчүн аймактагы өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Мажид Саиф Аль-Гурейр Кыргызстандагы ыңгайлуу инвестициялык кырдаал жөнүндө маалыматы бар экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле кыргыз элинин меймандостугу да инвесторлор үчүн жагымдуу экенин айтып өттү.

Ал Бириккен Араб Эмираттарынын туруктуу өнүгүп жатканынын башкы себебин — БАЭ дүйнөдөгү бардык өлкөр менен достук мамиле күткөн ачык өлкө экенин кошумчалады. Кыргызстан менен болгон мамиле өзгөчө орун ээлей турганын, кийинки 4 жыл аралыгында өз ара товар жүгүртүүнүн көбөйүп бара жаткандыгы байкаларын баса белгиледи.

Мажид Саиф Аль-Гурейр КР президенти Сооронбай Жээнбековдун расмий визити эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө түрткү болоруна ишеним билдирип, Кыргызстандын бизнес-чөйрөсүн БАЭ ишкерлери менен активдүү иштөөгө чакырды.

Мажид Саиф Аль-Гурейр Дубай шаарынын соода-өнөр-жай палатасы Кыргызстандын БАЭдеги ишенимдүү өнөктөшү, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн тажрыйба алмашуусу үчүн аянтча болот деп ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий