• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков Душанбе шаарына учуп кетти

Президент 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Тажикстандын Душанбе шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысы саммитке катышуунун алкагында эки тараптуу бир катар жолугушуу өткөрөөрү болжолдонууда.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн эртең менен Нью-Йорктон Бишкекке кайтып келген. 24-26-сентябрда Мамлекет башчысы Нью-Йоркто иш визити менен болуп, БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышкан.

Пикир

Оставить комментарий