• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков Душанбеде Исмаил Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду

Президент 0


Душанбе, 01.02.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасына жасаган расмий визитинин алкагында Тажикстандын Улуттук биримдик жана кайра жаралуу комплексинде болуп, тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмаил Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду.

Мамлекет башчынын коңшу өлкөгө расмий сапары ушул салтанаттуу азем менен башталды.

Кыргыз делегациясынын сапары эки күнгө созулат. Бүгүнкүгө Жээнбковдун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен тар жана кеңири курамдагы жолугушуулары пландалган. Алардын жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылар биргелешкен билдирүү жасашат.

Кечинде Улуттук сарайда Тажикстандын президентинин атынан Кыргызстандан кесиптешинин келишинин урматына расмий кабыл алуу болот.

Эртең, 2-февралда Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзаде жана Тажикстан Оли Маджлисинин Төрагасы Шукурджон Зухуров менен да жолугушат.

Алдыдагы жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча эки республиканын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелерин өркүндөтүү боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

Маалымдама: Исмаил Сомони – улуу перс-тажик эмири, дүйнөгө Амир Адил катары белгилүү, Орто Азияда мамлекеттин негиздөөчүсү, Мавераннахрдын башкаруучусу. Исмаил Саманини тажик улутунун атасы жана перс тилдүү элдердин сыймыгы катары саналат.

Пикир

Оставить комментарий