• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Эң башкысы — жарандардын милицияга карата ишенимин кайтаруу

Президент 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. «Патрулдук милиция — мамлекет менен жарандык коомдун биргелешип жасаган ийгиликтүү долбоору», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-октябрда, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жаңы санариптешкен командалык борборуна барган учурунда.

Бул жерде Бишкек шаары боюнча Патрулдук милиция кызматынын пилоттук долбоорунун бет ачары болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков жол жана коомдук коопсуздукту камсыз кылган Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунушту даярдаган жана ишке ашырган эксперттик топко ыраазычылыгын билдирди.

2018-жылдын июлунда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда жол коопсуздугун камсыз кылган милициянын түзүмдүк бөлүмдөрүн реформалоо боюнча сунуш келип түшкөнүн эске салды.

Кийинчерээк эксперттик жумушчу топ түзүлүп, ага жарандык коомдун өкүлдөрү кирген.

Жумушчу топ бир катар ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн үстүндө иштеди.

Биринчи жолу ачык-айкын конкурс аркылуу патрулдук милиция кызматкерлери тандалып, ишин баштап жатат.

Президент пилоттук долбоорду ишке ашыруу жол коопсуздугун камсыздаган милиция кызматкерлерине карата нараазычылыктарды эске алуу менен пилоттук долбоорду ишке ашыруу башталганын баса белгиледи.

«Азыр башкы талап — бул коомдук тартипти сактоо, жарандар менен эффективдүү мамиледе болуу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо, алар менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту бекем сактоо. Эң башкысы — жарандардын милицияга карата ишенимин кайтаруу», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын аягына чейин аталган долбоор Бишкек шаарын толук камтый турганын кошумчалады. Келерки жылы Ош шаарында жана андан кийин өлкө боюнча ишке ашырыларын кошумчалады.

Президент Командалык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, борбор ички иштер органдарын реформалоо алкагында түзүлгөнүн баса белгиледи.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев маалымдагандай, борбор жарандарга ыкчам маалыматтарды берүүнү камсыз кылып, кылмыштын бетин ыкчам ачууну жогорулатат.

Борбор коомдук коопсуздукту камсыз кылууга мониторинг жүргүзөт. Ошондой эле жарандардын билдирүүлөрүнө ыкчам жооп берүүнү жогорулатууга, жарандардын арыздарын, кылмыштардын жана жоруктардын бетин ачууну жогорулатууга багытталган.

Жарандардын өздүгүн аныктоо жана жүзүнөн таануу системасы, анын ичинде издөөдө жүргөн жана бул технологияларды колдонуу менен таанылган жаранды кармоо көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, гранттык каражаттарды тартуунун эсебинен Бишкек шаарында жүзүнөн таануу системасы менен 20 видеокамера орнотулду жана бүгүнкү күндө борбордун коомдук жайларында иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий