• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков “Эң мыкты айыл өкмөтү-2016” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады

Өкмөт 0

Бишкек, 28-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 28-июлда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан “Эң мыкты айыл өкмөтү-2016” мамлекеттик сынагынын жеңүүчүлөрүнө байгелер жана Өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сынактын жыйынтыгы боюнча төмөнкү эки топко бөлүнгөн айыл өкмөттөрү байгелүү орундарга жетишти:
Биринчи топ:
- I орун – 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен – Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөтү;
- II орун – 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен – Баткен облусунун Баткен районунун Дара айыл өкмөтү;
- III орун – 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен – Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтү.
Экинчи топ:
- I орун – 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен – Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айыл өкмөтү;
- II орун – 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтү;
- III орун – 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен – Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл өкмөтү.

Сынактын негизги критерийлери:
- айыл өкмөттөрдүн калктын жашоосуна эң жакшы шарттарды түзүүдөгү иштерин колдоо;
- айылды көрктөндүрүү, келбетин жакшыртуу, маданият мекемелеринин абалын жакшыртуу жана маданий мурастарды сактоо;
- айыл чарба жана өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча ишканаларды өнүктүрүү;
- жумуш орундарын түзүү;
- ишкердикти жана айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү;
- жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү;
- дотациялык төлөөлөрдү кыскартуу;
- инвестицияларды тартуу;
- инженердик жабдууларды жана санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртуу.

“Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына жалпы мамлекеттик сынактын райондук жана облустук деңгээлде сынак өткөрүлүп, анын жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан түзүлгөн жалпы мамлекеттик сынактык комиссиясы тарабынан чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий