• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: ЕАЭБ мейкиндигиндеги тоскоолдуктарды жоюшубуз керек

Саясат 0

Бишкек, 06.12.18 /Кабар/. Биз товарлардын, кызматтардын, капиталдардын жана жумушчу күчүнүн ЕАЭБ мейкиндигинде жүрүү эркиндигин ишке ашырып, тоскоолдуктарды жоюшубуз керек. Бул тууралуу президенти Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында айтты.

«Биз чек аралар аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жөнүндө маселени талкуулоо маанилүү деп эсептейбиз. Атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууну болтурбоо боюнча кабыл алынган чараларды терең талдап, натыйжалуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү эл аралык уюм катары Биримдик жөнүндө дайыма позитивдүү пикирди калыптандырууга тийишпиз», — деп белгиледи Жээнбеков.

Ал кол коюлган документтер бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө барандуу салым кошоруна ишеним билдирди. Ошону менен Биримдикке мүчө бардык өлкөлөрдүн жарандарынын турмушун жакшыртууга карай маанилүү кадам жасалат.

«Евразия мейкининдеги ар бир өлкөнүн экономикалык өнүгүшү үчүн биздин Бирикменин зор мүмкүнчүлүктөрү бар, биз аларды толук пайдаланышыбыз керек. Ушул өңүттөн алганда кандай гана болбосун тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жоюу биздин ишибиздин эң маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. ЕАЭБ мейкининде төрт негизги эркиндиктерди — товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчүнүн жүрүү эркиндигин жүзөгө ашыруу маанилүү деп эсептейм. Биз бири-бирибизди колдоп, жаңы тоскоолдуктарды жоюшубуз керек», — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Ал белгилегендей, 2019-жылы бирдиктүү экономикалык саясат ишке ашырыла турган секторлордун жана тармактардын санын арттыруу боюнча иш жүргүзүү, биргелешкен ишканаларды түзүү менен агроөнөржай секторунда кооперацияны күчөтүү маанилүү. Бул пландарды ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын, Евразиялык экономикалык комиссиянын жана бизнестин ортосундагы өз ара тыгыз байланыш болушу зарыл. Ошондой эле биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду турмушка ашыруунун механизмдерин иштеп чыгуу зарыл.

«Биз биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу Биримдиктин бардык өлкөлөрүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүшүнө алып келерине ишенебиз. Ошону менен бирге Евразиялык экономикалык комиссиянын ыйгарым укуктарын кеңейтүү зарыл экенин кыргыз тарап бир нече жолу белгилеген. Бул тууралуу мен Жогорку Кеңештин өткөн жыйынында белгилегем. Комиссия, Бирикмеге мүчө мамлекеттер менен бирге бул демилгени ишке ашыруу үчүн тийиштүү иш-чараларды өткөрүшү зарыл деп эсептейм», — деди президент.

Сөзүнүн аягында Жээнбеков ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен мамилелер Кыргыз Республикасынын айныгыс приоритети бойдон калаарын баса белгиледи, өлкөнүн ачык, өз ара ишенимдүү диалогго даяр экенин билдирип, Евразия экономикалык биримдик боюнча өнөктөштөрдү биргелешкен активдүү ишке чакырды.

Андан кийин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны кеңири курамда улантылды.

Пикир

Оставить комментарий