• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: ЕАЭБ рыногунда тоскоолдуктарды жоюу боюнча чаралар көрүлүшү керек

Президент 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. «ЕАЭБ рыногунда тоскоолдуктарды жоюу боюнча биздин Өкмөттөр тиешелүү чараларды көрүшү керек», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, Армениянын Ереван шаарындагы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңейтилген курамындагы жыйынында.

Мамлекет башчысы 5 жылдын ичинде бирдиктүү бажы аймагы түзүлүп, экономиканын дээрлик бардык чөйрөлөрүндө макулдашылган саясат жүргүзүлүп жатканын, экономикалык өнүгүүгө жана ЕАЭБ мамлекеттеринин элдеринин бакубатчылыгын жогорулатууга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылганын белгиледи.

«2018-жылы дүйнөнүн ири экономикалык державаларынын ортосундагы соода-сатык мамилелеринде чыңалуунун кыйла күчөшү орун алды. Мындан тышкары, бул процесстердин биздин биримдиктин ичиндеги экономикалык абалына тийгизген терс таасирин көрүп жатабыз. Геоэкономикалык аспектилерден тышкары биздин өзүбүздүн жетишсиз ишибиз дагы ич ара соода-сатыктын көлөмүнүн өсүшүнүн жайлашына себеп болууда. Кыска мөөнөттүү пайданын артынан кууп, айрым өлкөлөр мамлекеттик көзөмөлдү катуулатып, кошумча тоскоолдуктарды жаратып жатышат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент мындай мамиле интеграциянын натыйжалуулугун азайтып жатканын баса белгиледи.

«Интеграциялык бирикмелерде өлкөлөр товарларды ташуунун ылдамдыгын жана көлөмүн көбөйтүүнүн жардамы менен продукциянын өз баасын арзандатуунун аркасы менен киреше табышат. Биз болсо чындыгында бири-бирибиз менен талашып-тартышып жатабыз. Биздин Өкмөттөр ички рынокто тоскоолдуктарды жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүшү керек. Аларды жокко чыгарбасак, Биримдигибиз максаттарына жетпей калышы ыктымал», — деди ал.

Мамлекет башчысы ЕАЭБдин тышкы чек араларында бажы көзөмөлүн жүргүзүүдө ачыктык жана объективдүүлүккө кызыкдар экенин билдирди, бажы көзөмөл өткөрүү пункттарында «үч тараптуу» көзөмөл жүргүзүү жана Комиссияга талаштуу абалды түздөн-түз кийлигишип чечүүсү үчүн укуктарды берүү зарылдыгын белгиледи.

Ишмердиктин артыкчылыктуу багыттары катары Сооронбай Жээнбеков эл аралык аренада ЕАЭБ жөнүндө оң маанайды түзүүнү атады.

«Бүгүн жыйынга Ирандын Президенти жана Сингапурдун Премьер-министри катышууда. Биздин Биримдик чоң Евразиялык шериктештик идеясын өнүктүрүү максатында тышкы өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташууга дайым ачык экенин көрсөттү. Өткөн жумада Бишкекте өз аброюн бекемдеген жана ачык баарлашуунун аянтчасы болуп калган „Евразиялык жумалык“ форуму болуп өттү», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Евразиялык экономикалык интеграциянын 2025-жылга чейинки өнүгүүсүнүн стратегиялык багытын» сапаттуу толтурулушу зарылдыгын белгиледи.

«Учурда Биримдиктин аймагында мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана бирдиктүү рынокторду түзүү боюнча жумуш активдүү жүрүп жатат. Бирок бирдиктүү рынокто мыйзамдуу ишмердикти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн ордуна биз айрым тоскоолдуктарга дуушар болуп жатабыз», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Накталай акча каражаттардын айлануусунун көлөмүнүн өсүшүн белгилеп, Президент ЕАЭБ финансылык жөнгө салуучуларына учурдагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча биргелешип механизмдерди иштеп чыгуусун сунуштады.

«ЕАЭБдин жалпы финансылык рыногунун Концепциясын кабыл алуу Биримдиктин компаниялары жана жарандары үчүн финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана сапатынын деңгээлин жогорулатууга жол берет. Буга чейин биз ЕАЭБ Өнүктүрүү институтун түзүүнү сунуштаганбыз. Биздин демилгени ишке ашырууну колдоо мүчө мамлекеттердин экономикаларын бекемдеп, алардын ырааттуу өнүгүүсүн жана жакындашуусун камсыздай алат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсү үчүн толугу менен ишке ашырыла элек чоң потенциалга ээ экенин дагы бир жолу белгиледи.

«Биз Биридикке катышуучуларынын экономикалык өнүгүүсүнүн ортосундагы айырманы кыскартууга чара көрүшүбүз керек. Биргелешкен жана ырааттуу аракеттер менен бардык алдыга коюлган максаттарга жетерибизге ишенем», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий