• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Эгемендик – бабалардын бизге калтырган аманаты, биз урпактарга жеткире турган милдет

Президент 0

Бишкек, 31.08.19. /Кабар/. Бүгүн, 31-август күнү Бишкек шаарынын борбордук аянтында өткөн салтанаттуу иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

"Эркиндик — ата-бабалардын каны менен кошо айланып, жаны менен кошо жашаган, муундан муунга жеткен улуу дөөлөт. Урпактан урпакка өтүп келген көөнөрбөс мурас. Канча кылымдар өттү, канча муундар алмашты. Канча өмүрлөр кыйылып, канжыгада баш кетти, найза учунда жан кетти… Бирок, эркиндикти сүйгөн кыргыз жүрөгүндө, эгемендик деген үмүт өчпөй, эркиндик деген эңсөө жашап келди.Жыйырма сегиз жыл мурда колго тийген Көз карандысыздык – Жараткандын буйругу менен азыркы муундун энчисине, биздин заманга туш келди", - деди ал.

Жээнбеков белгилегендей, көз карандысыздыкка жетүү үчүн ата-бабаларыбыз тарыхтын узун жолун басып өттү.

"Ошондуктан, бүгүнкү эгемендик – биздин гана энчибиз эмес. Бул – ата-бабалардын кылымдар бою төгүлгөн канынын, энелердин жүз жылдар бою тамган көз жашынын баасы. Түмөн муундардын тынбаган күрөшүнүн натыйжасы. Бабалардын бизге калтырган аманаты, биз урпактарга жеткире турган милдет. Ата-бабалар бизге бейиштей ажайып кооз жерди, акактай тунук сууну, таза абаны, аскадай бийик адеп-ахлакты аманат кылып кетти. Манас бабабыз биримдиктин туу чокусун, ынтымактын бийик үлгүсүн, бир эл, бир журт болуп жашаган көп улуттун уюткусун мурас кылып кетти. Ынтымагыбыз чың, биримдигибиз бекем болгондо күчтүү, гүлдөгөн мамлекет болдук, ааламга аты таанымал эл болдук. Журттун ынтымагы, биримдиги жок болгондо – элибиз мамлекетин, эркиндигин жоготту, азып-тозду. Тагдырдын татаал мезгилдеринде да, өз алдынча мамлекет болуу деген эңсөө өчкөн жок. Мамлекеттүүлүк үчүн болгон күрөш тынган жок. «Манас» эпосунда айтылгандай: "Түгөнгөн сайын түтөгөн, кырылган сайын күчөгөн" журт болдук. Мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдадык, дүйнө өлкөлөрүнүн арасында өз ордубузду бекемдедик", - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий